Медик тамактанууда олуттуу ооруга алып келген адаттарды атады

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүБургер. Архив
Бургер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2023
Жазылуу
Адис коркунучтуу илдеттерге алып келген тамактануунун эки түрүн белгилеген.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Диетолог Алексей Кабанов тамактанууда онкологиялык ооруларга алып келе турган адаттарды атаганын РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, туура эмес тамактануу адам ден соолугуна залакасын тийгизип, рак ооруларын өрчүтүшү ыктымал. Медик коркунучтуу илдеттерге алып келген тамактануунун эки түрүн атаган. Анын бири "Батыш диетасы" деп аталса, экинчисин "кедейлердин диетасы" деп коюшат.
"Батыш диетасына" майы көп жаныбардын эти менен жасалган тамактар, туз, кумшекер кирет. Мында клетчатка организмге бир аз эле барат. Ал эми "кедейлердин диетасына" тез татым, колбаса азыктары, төмөнкү сапаттагы сүт азыктары кирет", — деген Кабанов.
Ал ашыкча салмакка алып келген тамактануу адаттары да рак оорусун чакырарын эскерткен. Газдалган суусундук, таттууну ашыкча колдонуу, кыймылдын аздыгы адамды бат семиртерин айтып, коркунучтуу оорудан оолак болом дегендер буларды эске алуусу керектигин эскерткен.
Дене табын өлчөп жаткан кыз. Иллюстративдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2023
Онколог рактын билинбеген баштапкы үч белгисин атады
Жаңылыктар түрмөгү
0