Актёрлорго катуу талап койгон Болот Шамшиев. "Ак кемедеги" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.
© Sputnik / Дронов
Солдо биринчи турган КРдин эл артисти, белгилүү актёр Орозбек Кутманалиев, экинчи турган Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, таланттуу актёр Асанкул Куттубаев, үчүнчү отурган СССРдин эл артисти, атактуу кинорежиссёр Болот Шамшиев жана жергиликтүү тургундун сүрөтү 1975-жылы Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак капчыгайында тартылган.
Ал жылы сүрөттөгү чыгармачыл инсандар "Ак кеме" тасмасына катышкан.
КРдин эл артисти, белгилүү кинооператор Манас Мусаев ошол учурду мындайча эскерет.
"Ак кемеде" мен операторлук милдетти аткарып режиссёр, актёр, актрисалар менен иштешип калдым. Биз эрте туруп, тез кыймылдап, тартуу процесстерине бат эле аралашып кетчүбүз. Ал кезде аппараттар да оор болуп, кээде бир камераны үчөөлөп көтөрчүбүз. Сүрөттө Болот тартыла турчу эпизодду образга кирип актёрлорго түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот. Шамшиев камерага тартар алдында чыгармачыл инсанга, эпизодго тартылчу жөнөкөй адамга да баарын түшүндүрүп берчү. Ал кылдаттык менен иштеп, ар бир кадрга чыгармачыл топту даярдап, андан кийин гана техникаларды даярдатчу. Режиссёр башкаларга талапты катуу койчу. Кинофильмде көрүүчүлөрдү ыйлаткан учурлары бар эмеспи, мисалы, токойдо Орозкулдун Момун чалга кол көтөргөн жерлери бар. Соңунда кичинекей Нургазынын көзүнөн мөлтүрөп жаш аккан эпизодун камерага тартып жатып ыйлап жибергем. Актёр, актрисалар өз ролдорун чыныгы жашоодогудай аткарып, режиссёрдун катуу талаптарына чыдашчу", — деди Мусаев.
Ал жылы Кутманалиев 42, Куттубаев 61, Шамшиев 34 жашта болгон.
"Ак кеме" тасмасы кийинки жылы Бүткүл союздук IX (Фрунзе) жана Тренто (Италия) кинофестивалдарында баш байгеге ээ болуп, аны жаратууга катышкандардын айрымдары СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.
Тема боюнча:
Сабира Күмүшалиева 50, Назира Мамбетова 27 жашта эле. "Ак кемедеги" таберик сүрөт
"Уланды" көркүнө чыгарган Аринбасарова менен Чокморов. Таберик сүрөт
Какыр-Сайда жер танаптаган сахна чеберлери. "Көчөдөгү" таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0