65 жаштагы аял каржы пирамидасын түзүп, элди 3 млн. долларга алдаган деп кармалды

© Photo / Pexels / Tima MiroshnichenkoЖүз долларлык купюралар. Иллюстративдик сүрөт
Жүз долларлык купюралар. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
Жазылуу
Шектүүнүн эки шериги да колго түшкөн. Үчөө тең чет өлкөдөн кармалгандыктан учурда аларды өлкөгө экстрадициялоо каралууда.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык 65 жаштагы Ч. А. аттуу аял өлкөдө каржы пирамидаларын түзгөндөрдүн бири деп кармалды. Бул тууралуу ИИМ маалымдап, ал Түркиядан колго түшкөнүн билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык, каржы пирамидаларын түзүү жана ага катышкандыгы үчүн 2022-жылдын февраль айынан бери издөөдө жүргөн.
"Кылмыштуу аракеттерден улам Ч.А. жана анын шериктери (чет элдик эки жаран) тарабынан Кыргызстандын 100дөн ашык жараны, айрым маалыматтар боюнча, 2000ден ашык адам жабыркаган. Аларга 3 миллион доллар зыян келтирилген. Шектүү аял жана О.С., В.К. аттуу чет элдик жарандар өздөрүн Англиянын ири инвестициялык жана зергерчилик компаниясынын өкүлдөрү катары тааныштырып жүрүшкөн. Бул топ пирамидага тартылгандарга 260 пайызга чейинки кирешелерди убадалашкан", – деп айтылат маалыматта.
ИИМ кошумчалагандай, алар Кыргызстанда иштеп жаткан "Голден кеш" жана "Кей джи голд" деп аталган каржылык пирамидаларын уюштурушкан. Алар КМШнын башка өлкөлөрүндө да каржы пирамидаларын негиздешкен деген маалыматтар бар. Шектүүлөр ири суммадагы акчаны алышкан соң чет өлкөлөргө качып кетишкени айтылды.
"КР ИИМдин Интерполу Польшанын жана Өзбекстандын Интерполу менен биргеликте аталган кылмыштарга шериктеш О.С. жана В.К. аттуу жарандарды да кармашты. Азыркы учурда аларды Кыргыз Республикасына экстрадициялоо маселеси каралууда", – деди мекемеден.
Жалал-Абадда алдамчылыкка шектелген киши кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2023
Жалал-Абадда таанышын 35 млн. сомго алдап кетти деген киши Өзбекстандан кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0