Бишкекте автобус айдоочусуна үчтөн ашык арыз түшсө жумуштан бошотулушу мүмкүн

© Sputnik / Жоомарт УраимовАвтобус айдоочусу. Архивдик сүрөт
Автобус айдоочусу. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
Жазылуу
Эми шаардагы автобустардын ылдамдыгы саатына 60 чакырымдан ашпайт.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бишкекте автобустун айдоочуларына талаптар күчөтүлөрүн мэрия маалымдады.
Эми автобус айдап иштеген адамга карата бир айда үчтөн ашык арыз түшсө жумуштан бошотулат.
Бүгүн Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасында мэрдин орун басары Максатбек Сазыкуловдун катышуусунда кеңешме өткөн. Анда автобустардын ылдамдыгын чектөө программасын орнотуу чечими кабыл алынды. Ага ылайык, эми шаардагы автобустардын ылдамдыгы саатына 60 чакырымдан ашпайт. Жаңы программа ылдамдыкты гана чектебестен, катуу токтотууну, GPS-трекерин мыйзамсыз өчүрүүнү, айдоочулардын айдоо ыкмасын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Сазыкулов жол эрежесин, ылдамдыкты сактабай, жүргүнчүлөргө орой мамиле жасап, бир айда үчтөн ашык эреже бузган айдоочуларды иштен бошотууга чейинки тиешелүү жаза чараларын көрүүгө ишкана жетекчилерин милдеттендирген.
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2023
Автобустарда накталай төлөм 25 сомго көтөрүлбөй калды. Мэриянын түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0