Мэрия баладан баш тарткысы келген энелер каякка барышы керектигин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы төрөлгөн ымыркайдын колдору. Архивдик сүрөт
Жаңы төрөлгөн ымыркайдын колдору. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
Жазылуу
Буга чейин Бишкекте таштанды челектен ымыркай табылган.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын мэриясы жаңы төрөлгөн баланын энеси турмуштук оор кырдаалга кабылып, андан баш тартууга ниеттенген учурда эмне кылышы керектигин айтып берди.
Алар баладан төрөт үйүндө жазуу жүзүндө баш тарта алат. Же наристени каалаган убакта Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна (Белорусская көч.,121) калтырып кетсе болот.
Ошондой эле Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнө кайрыла алат:
Свердлов району боюнча Чүй проспектиси, 28, 222-кабинет. Телефону 0312 53-05-76;
Октябрь району боюнча Байтик баатыр көчөсү, 17. Телефону 0312 51-03-75;
Биринчи май району боюнча Жибек Жолу проспектиси, 495 б. Телефону 0312 67-03-86;
Ленин району боюнча Литвинов көчөсү, 2. Телефону 0312 88-38-99 (техникалык себептерден улам убактылуу иштебейт).
Мындан сырткары, зомбулуктан жана катаал мамиледен жапа чеккен балдарга жардам берүү борбору иштейт. Дареги Карасаев көчөсү, 73, телефону 0312 44-25-10.
Буга чейин Бишкекте таштанды челектен ымыркай табылган. Милиция 21 жаштагы кызды кармап, тергөө жүрүүдө.
Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков таштанды челектен табылган балага барган. №1 төрөт үйүндөгү дарыгерлердин маалыматы боюнча, баланын абалы туруктуу, ага тийиштүү медициналык жардам берилген.
Кол кишенчен кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
Жаңы төрөлгөн ымыркайын таштандыга ыргыткан деп 21 жаштагы аял кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0