Түндүк Корея ТИМи АКШны Корея жарым аралындагы абалды курчутууда деп айыптады

© AFP / ED JONESТүндүк жана Түштүк Кореянын чек арасындагы кырдаал
Түндүк жана Түштүк Кореянын чек арасындагы кырдаал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
Жазылуу
АКШнын мамкатчысы Россия Түндүк Кореядан курал-жарак алат деп билдирген. РФ мындай сөздөр негизсиз экенин айтып келет, ал эми Түндүк Корея Россияга аскердик курал берүү тууралуу сүйлөшүүлөр болбогонун белгилеген.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенди Корея жарым аралындагы чыр-чатактын чыңалуусуна айыптады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Бейшембиде Блинкен Түштүк Кореянын Сеул шаарына болгон иш сапарында Россия менен Түндүк Корея аскердик багытта кызматташып жатканын айтып, бул үчүн АКШ жана Түштүк Корея тынчсызданарын белгилеген. Россия буга чейин да бир нече жолу маалыматты четке какканына карабастан, Россия Түндүк Кореядан курал-жарак алат деп билдирип, буга алар каршы турушарына токтолгон.
"Блинкендин жоопкерчиликсиз жана чагымчыл сөздөрү Корея жарым аралындагы жана аймактагы аскердик саясий чыңалуу коркунучун күчөтөт", — деген Түндүк Корея ТИМи.
Ошондой эле мекеме Блинкенге БУУнун Коопсуздук кеңешине, өз өлкөсүндөгү саясатка, тактап айтканда, союздаштары менен биргеликте “өзөктүк куралды колдонууга” болгон кош стандартка жакшылап маани берүүнү сунуштаган.
"АКШнын Корея улуттук-демократиялык республикасынын суверендүү укуктарын жана Корея-Россия мамилесин колдонуу кызыкчылыгын жок кылуунун жалгыз жолу: эки өлкөгө – Корея жана Россияга карата душмандаштыруу саясатынан, согуштук менталитеттен, саясий чагымчылдыктан, аскердик шантаждан, бизге, ошондой эле РФке карата жасалган стратегиялык басымдан баш тартуу", — деп айтылат стандартта.
Корея улуттук демократиялык республикасы батыштык ЖМКлардын, аткаминерлердин Россияга курал жеткирүүсү тууралуу айткан кептерин бир нече жолу четке какты. Түндүк Кореянын ТИМ өкүлү өлкө Россия менен курал-жарактар тууралуу бир да келишим түзбөгөнүн, Батыштын ЖМКларынын бул боюнча жазгандары акылга сыйбаган ушак экендигин айткан. Түндүк Корея ТИМинин АКШ иштери боюнча департаментинин башчысы Квон Чжон Гын АКШ Түндүк Корея Россияга курал-жарак берип жатат деген калп маалыматты таратуу менен өздөрүнүн Украинаны куралдаштырганын “келесоочо” актоодо деп белгилеген.
Буга чейин РИА Новостиге Россиянын Пхеньяндагы элчиси Александр Мацегора Түндүк Кореянын Россияга курал берүүсү тууралуу сүйлөшүүлөр болбогонун, ал өлкө өзү аскердик чыңалуу абалынын босогосунда турганын, өздөрүнө арсеналдар керектигин билдирген.
Россия мурдараак НАТО мамлекеттерине Украинага курал-жарак берип жатканы боюнча нота жиберген. Анда ТИМ башчысы Сергей Лавров Киевге келе жаткан кандай гана жүк болбосун Москванын мыйзамдуу бутасына айланарын айткан. Мындай кадамдарды жасап, НАТО от менен ойноп жаткандыгын кошумчалаган. Лавров альянс менен Америка Украинадагы чатакка түз катышып жатканын айтып, муну курал берүүдөн сырткары Улуу Британиянын, Германиянын жана Италиянын аймагында согуштук кадрларды даярдап берип жаткандыгы менен негиздеген. Ал эми президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинага курал-жарак жеткирүү Россия-Украина сүйлөшүүлөрүн кечеңдетип жатканын айткан.
Россиянын президенти Владимир Путин жана Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Восточный космодромунда  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2023
Россия менен Түндүк Кореянын кызматташтыгы. Алдыда эмне күтөт?
Жаңылыктар түрмөгү
0