Соода борбордон уурдалган 3 жашар кыз. ИИМ аны 800 кызматкер издегенин билдирди

© Sputnik / Нурис АлымбаевИИМ кызматкерлери. Архивдик сүрөт
ИИМ кызматкерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
Жазылуу
25 жаштагы шектүү аял ал күнү беш жана 13 жаштагы инилерин оюн-зоок паркына алып келгенин айткан.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бишкектеги соода борборлордун бириндеги балдардын оюн-зоок аянтчасынан уурдалган кызды 800 милиция издеген. Бул тууралуу ИИМ маалымдап, "Адам уурдоо" беренеси менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-ноябрда саат 19:50 чамасында 13 жаштагы бала кызды колуна көтөрүп, соода борборунан чыккан. Бул видеокөзөмөлгө түшүп калган. Кичинекей кыздын жанында белгисиз аял да жүргөн. Алар маршруттук таксиге түшүп кетишкен. Маршруттун айдоочусу бул аялды балдар менен эстеп калганын, эч кандай күмөн ойлор жаралбаганын билдирген.
Жогорудагы аял балдар менен кошо Аламүдүн районундагы айылдардын биринде түшүп калып, белгисиз тарапка кеткени аныкталган. Буга чейин маалымдалгандай, уурдалган кыз Чүй облусуна караштуу Васильевка айылынан табылган. Ал ата-энесине тапшырылып берилген.
Шектүү катары Чүй облусунун жашоочусу, 25 жаштагы Р.М. кармалган. Ал ошол күнү беш жана 13 жаштагы инилерин оюн-зоок паркына алып келгенин билдирген. Анын аракеттерине юридикалык баа берилери кошумчаланды.
Кол кишенчен кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
Жаңы төрөлгөн ымыркайын таштандыга ыргыткан деп 21 жаштагы аял кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0