С. Жапаров: Кыргызстан Палестина элинин суверендүү мамлекет түзүү укугун тааныйт

© Фото / пресс-служба президента КРПрезидент Садыр Жапаров Эр-Рияд шаарына (Сауд Арабия Падышалыгы) болгон иш сапарынын алкагында Ислам кызматташтык уюмунун 8-кезексиз саммитинде
Президент Садыр Жапаров Эр-Рияд шаарына (Сауд Арабия Падышалыгы) болгон иш сапарынын алкагында Ислам кызматташтык уюмунун 8-кезексиз саммитинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
Жазылуу
Жапаров Кыргызстан бүткүл Жакынкы Чыгышта адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүүгө багытталган бардык күч-аракеттерди колдоого умтуларын кошумчалады.
БИШКЕК, 11-ноя. – Sputnik. Кыргызстан Палестина элинин көз карандысыздыкка жана суверендүү мамлекетти түзүүгө болгон мыйзамдуу укуктарын тааныйт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
© Фото / пресс-служба президента КР

Кыргызстан Палестина элинин көз карандысыздыкка жана суверендүү мамлекетти түзүүгө болгон мыйзамдуу укуктарын тааныйт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди

Кыргызстан Палестина элинин көз карандысыздыкка жана суверендүү мамлекетти түзүүгө болгон мыйзамдуу укуктарын тааныйт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/2

Кыргызстан Палестина элинин көз карандысыздыкка жана суверендүү мамлекетти түзүүгө болгон мыйзамдуу укуктарын тааныйт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди

© Фото / пресс-служба президента КР

Ал Эр-Рияд шаарына (Сауд Арабия Падышалыгы) болгон иш сапарынын алкагында Ислам кызматташтык уюмунун 8-кезексиз саммитинде сүйлөдү

Ал Эр-Рияд шаарына (Сауд Арабия Падышалыгы) болгон иш сапарынын алкагында Ислам кызматташтык уюмунун 8-кезексиз саммитинде сүйлөдү - Sputnik Кыргызстан
2/2

Ал Эр-Рияд шаарына (Сауд Арабия Падышалыгы) болгон иш сапарынын алкагында Ислам кызматташтык уюмунун 8-кезексиз саммитинде сүйлөдү

1/2

Кыргызстан Палестина элинин көз карандысыздыкка жана суверендүү мамлекетти түзүүгө болгон мыйзамдуу укуктарын тааныйт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди

2/2

Ал Эр-Рияд шаарына (Сауд Арабия Падышалыгы) болгон иш сапарынын алкагында Ислам кызматташтык уюмунун 8-кезексиз саммитинде сүйлөдү

Ал Эр-Рияд шаарына (Сауд Арабия Падышалыгы) болгон иш сапарынын алкагында Ислам кызматташтык уюмунун 8-кезексиз саммитинде сүйлөдү.

“Бул чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бир айдан ашык убакыттан бери күчөгөн зордук-зомбулуктун натыйжасында эбегейсиз жоготууларга жана кыйынчылыктарга дуушар болгон бардык палестиналык жарандардын кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт. Ар бир кыйылган өмүр – бул чоң трагедия. Кыргызстан Газа тилкесиндеги карапайым калктын азабын жеңилдетүү үчүн гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр. Биз палестиналык боордошторубузга тышкы агрессияны жана бейкүнөө адамдардын өлүмүн токтотууга колдоо көрсөтүү, ошондой эле гуманитардык жардам берүү биздин жалпы милдетибиз деп эсептейбиз”, — деди Жапаров.

Өлкө башчы Газа тилкесиндеги уруш аракеттери Палестина элинин көп сандаган курмандыктарына жана азап-кайгысына алып келгенин, бул болуп көрбөгөндөй гуманитардык катастрофа экенин белгиледи.
“Бейкүнөө жарандардын, анын ичинде наристе балдар менен аялдардын өмүрлөрүнүн кыйылышы кабыл алынгыс жана эл аралык коомчулук тарабынан кеңири айыпталууга тийиш. Жарандык инфраструктурага, мектептерге, ооруканаларга жана турак жайларга тандоосуз кол салуу эл аралык гуманитардык укукту бузуу гана эмес, адам укуктарын да олуттуу бузуу болуп саналат”, — деди Жапаров.
Президент белгилегендей, Кыргызстан Палестина элинин көз карандысыздыкка жана суверендүү мамлекетти түзүүгө болгон мыйзамдуу укуктарын тааныйт.

“Кыргызстан Коопсуздук кеңешин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясын эл аралык коомчулуктун атынан Газа тилкесиндеги зордук-зомбулукту токтотуу жана Газа тилкесиндеги коопсуздук кризисин жөнгө салуу үчүн эффективдүү жана чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырат”, — деди ал.

Жапаров Кыргызстан бүткүл Жакынкы Чыгышта адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүүгө багытталган бардык күч-аракеттерди колдоого умтуларын кошумчалады.
Прибытие президента Садыр Жапарова с рабочим визитом в Саудовскую Аравию - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
Палестина-Израиль жаңжалын талкуулашат. Садыр Жапаров Сауд Арабияга барды
Жаңылыктар түрмөгү
0