Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Медетов: Айтматовдун жазуу тили алгач катуу сынга кабылган

© Sputnik / Асел АкматЖусуп Баласагын атындагы КУУнун манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Аскар Медетов
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Аскар Медетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2023
Жазылуу
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Аскар Медетов Чыңгыз Айтматов жазуучулугун котормочулуктан баштаганына токтолду.
Чыңгыз Айтматовдун жазуучу болуп чыгышына 1950-жылдардан кийинки Жазуучулар союзундагы өзгөрүүлөр түрткү болгон. Мындай пикирин Аскар Медетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Медетов: Айтматовдун жазуу тили алгач катуу сынга кабылган
Анын айтымында, кезинде Жазуучулар союзунда ички пикир келишпөөчүлүк, ашыкча сөздөр күч болгон.
"Жазуучулар союзу түзүлүп, план коюлуп акын, жазуучулар ар бир сапка акча алып калган кезде бул интеллигенциянын арасында да интрига күчөгөн. Өзгөчө, Аалы Токомбаев башкарып турган маалда акын, калемгерлер ортосунда ажырым күчөгөн. Ал кишиден кийин Касымаалы Баялинов, Темиркул Үмөталиевдер жетекчилик кылып турганда да токтогон эмес. Анан Исхак Раззаков Москвадан аспирантураны бүтүп келген, анча-мынча адабий сын жазып жүргөн жаш философ Азиз Салиевди союзду жетектеп берүүгө чакырган. Алгач ал киши илимде эле болорун айтып баш тарткан. Исхак Раззаков каршылыгына карабай “партиялык тапшырма” деп, көп өтпөй Жазуучулар союзуна алып келген. Москванын тарбиясын алган, дүйнөлүк адабияттан кенен маалыматы бар Салиев өз казанында эле кайнап жаткан кыргыз адабиятын башка элдерге таанытууга басым жасаган. Ал үчүн биринчи кезекте кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын орус тилине которто баштаган. Ошентип котормочу издеп жүргөнүндө ага Чыңгыз Айтматов жөнүндө айтышкан. Ага чейин Айтматов өз алдынча орус тилинен кыргыз тилине Михаил Бубенновдун "Ак кайың", Валентин Катевдин "Полктун уулу" повесттерин которуп басмага алып барса, алар которулуп, жарык көрүп калган. Мындан сырткары, Саткын Сасыкпаевдин жумушчу тууралуу бир очеркин орусчага которуп, ал орус тилдүү журналдардын бирине чыгат. Салиев аны өзүнө чакыртып, Түгөлбай Сыдыкбековдун "Тоо арасында" романынын экинчи китебин которуу тапшырмасын берет. Анткени биринчисин Олжобай Орозбаев менен Кайсын Кулиев которууга киришкен. Ошондон кийин аны Москвага эки жылдык адабий курстан билим алууга жиберет. Айтматов бул аралыкта "Бетме-бет", "Обон" (“Жамийла”) повесттерин кыргыз тилинде жазат. Фольклордук тилге көнүп калган кыргыз жазуучулары анын жазуу тилин дээрлик сындап туруп алышат. Андан кийин Жолон Мамытовдун да жаңыча стилдеги ырлары сынга кабылат. Бирок бул кыргыз адабиятындагы эстетикалык искусствонун талаптарына жооп берген жаңыча бурулуш эле жана муну жаңы жетекчи Азиз Салиев алып келген десек болот. Анын жемиши 1960-жылдардан баштап билине баштайт", — деп айтып берди Медетов.
Ал Жазуучулар союзу кезинде министрлик сыяктуу эле беделдүү уюм болуп, чоң кызмат катары каралганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0