Япония: Хиросимада Газадагыларды колдогон тилектештик акция өттү

© AP Photo / Brendan SmialowskiХиросима шаары. Архивдик сүрөт
Хиросима шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2023
Жазылуу
Элдин бейкүнөө өмүрүнөн ажырап жатышына Күн чыгыш өлкөсүндөгүлөр өзүнүн реакциясын билдиришти.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. “Газадагы геноцидди токтоткула!” деген сөздү Хиросимада шам менен жазып, эл акцияга чыкканын "Звезда" телеканалы билдирди.
Мындай тилектештик иш-чарасы аталган аймактагы “Атом куполу” деп аталган, мындан бир топ жыл болуп көрбөгөндөй таш боордук менен бомбалоого кабылган жайда кечээ өткөрүлдү.
Бул мемориал 1945-жылы АКШ Хиросимага атом бомбасын таштагандагы апааттан кийин тарыхый жайга айланган.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа сектору тараптан ракеталык чабуулга туш болгондон тарта курчуп кетти. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны 10,8 миң кишиге жетип, 26 миңден көбүрөөк адам жаракат алганы айтылды. Ал эми жергиликтүү бийликтин маалыматында Израилден 1,4 миң киши көз жумган, жабыр тарткандардын саны 5 миңге жакын. Ар кыл эсептер боюнча 200гө чукул израилдиктин ХАМАСта кармалып турганы айтылып келет.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Израилдин бомбалоосу Газа тилкесинин бомбалоосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2023
Газа тилкесиндеги оорукана аткылоого кабылганы кабарланды
Жаңылыктар түрмөгү
0