Курманбек менен Аккандын дос болушу. Баатырдын таажы кийиши. Эпостон 8 факт

© Sputnik / Табылды КадырбековКурманбектин эстелиги. Архивдик сүрөт
Курманбектин эстелиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2023
Жазылуу
Бүгүн да окурмандарга “Курманбек” дастаны боюнча кызыктуу фактыларды айтып берүүнү улантабыз. Окурмандарга бул сапар Курманбек менен Аккан ок тиштешип, төш такашып дос болушу, атасы Тейит хандын өкүтүн баяндайбыз.
Аккандын Телтору аттын жанына келип айткандары. Анан күтүлбөгөн жерден эле өргүү болгон үчүнчү күнү Телтору аттын жанына келип, анын туш тарабын ынтаа коюп, бир нерсесин жоготуп алгандай карап чыккан Аккан ушул баатыр менен дос болуу ниетинде турганын билдирип, унчукпай калган Курманбекке минтип сопкут узатса болобу:
– Ушул атыңдын жайын айтчы, достум? Бул ат тегин мал эмес?
– Аттай эле ат. Жакшы ат. – Курманбек элебес башка эмнени айтат. Ушинтип тим болду.
– Билесиңби, дос, – Аккан куйругун желпилдеткен тоостун жанына жакын келип, Телторуну карап айтсамбы, айтпасамбы деп сөзүн баштады. – Бул окуя мындан миң, балким, бир жарым миң жыл илгери болгон. Жер чегин кеңейтип, улуу эл болуп турган кытайлар ушу биз, анан бизден өтүп силер турган жерлерге абдан кызыгат экен. Анткени алар күн чыгышынан ары кете алган эмес, себеби кургак жер ошол нокоттон башталган. Ары жагына кете албаса күн жүрүш жагына кызыгат да. Анан алардын кайгуулдары, тыңчылары танымсыз силер жакка барат. Ошолордун бири силердин жериңер тууралуу баш канына кабар кылат. Анда ал жерлер чырпык сайсаң чынар кылар керемети бар экендиги, күрүч, буудай эгилери жана алардын асылы адам таң калар болорлугу айтылат, жүзүмдөрү ушунчалык даамдуу болорун, андан укумуштай бир сонун ичимдиктер даярдаларын билдирет. Анан булардан да маанилүүсү – ошол жерде асман аттары, уча турган аргымак жылкылар бар деп коёт. Жетимиштей кент болгонун, үч жүз миңдей калк турак кыларын, марказы Ээрчи деген кент экенин тактап берет. Ошентип силердин Дубан журтуңарга Кытай баш канынын аңчылыгы башталат. Не бир куйту тыңчылар келет, не бир жер кезер аалымдар келет, не бир адинан ашкан аскерлер келет, лекин дивандыктар канаты бар аттарын көрсөтө бербейт. Баш кан ошондо Дубан күлүктөрү үчүн эч нерсе аябаганга ант берет, ошондо жумшак мүнөз, куу кытайдын жүгүн артынып, кымбат баалуу көз жоосун алып миң кубулган кытай шайылары келет, мухит астынан табылган акак, маржан таштар келет, зымыраттар келет, узун тумшук пилдер келет, алты кулач ажыдаарлар келет, алтындалган кылыч-найзалар келет, төөлөрдүн белин майыштырган ак күмүштөр келет, баш-аягы көрүнбөгөн кербенге жүктөлүп памил кара, ичтейди ачуучу көк чайлар келет, алтындан кымбат арбооч сөздүү чечендер келет, аалам кыдырып ак уруп жүргөн эшендер келет, не кылган менен тулпарлар колго тийбейт. Аларды дубандыктар жан адамга көргөзбөйт.
Аттын табышмактуу айкели. Акыры жылдан жыл өтүп, Кытай баш каны Дубан мамлекетине атайын элчисин жөнөтөт. Анын бир гана тартуусу бар эле. Ал – аттын айкели. Бу канаттуу аттын айкели күмүш менен зер, алтын менен албарс аралаштырып, миң кыл устанын узанганынан жасалат. Болду, башка белек жок. Баягы тартуунун бири жок. Ушунусун берет да, элчи кытмыр жылмайып туруп калат. Дубандыктар кеңешке кетет. Барганалык аксакал-көксакал баары жыйналып, даанышмандар масилет курушат. Түшүнүшөт. Кексе чалдар баарын билет. Мунун акыр-аягы кыйын болорун да, Күн чыгыштан келчү жоо дубандыктарды аябасын да билет. Лекин ат тартуулоо андан оор деген чечимге токтолушат.
– Жок! – дешет аксакалдар элчиге. Ошондо баятан бери ичтен тынып, кытмыр жылмайып турган элчинин эки кареги тосток көзүн тээп чыга тургандай бери келип, ат айкелин бир түртөт. Ажайып шөкөттөлгөн ат кулап түшөт. Бул жаман белги эле. Аттын жыгылышы эки жак үчүн тең түшүнүктүү – согуш! Көп жылга созулуучу улуу айкаш. Өлүм! Кыйноо! Кыйроо! Жоголуу! Жетим! Жесир! А балким, бир өлкөнүн жок болушу!
Элчинин таарынычы. Кытай элчиси артына кылчайып да карабай, коштошууга да жарабай күн чыгыш көздөй жорголойт. Ээрчиде турган Дубан ордо кымгуут эле болуп калат. Даанышмандар, ченчилер менен сынчылар, санчылар менен төлгөчүлөр – баары кайра уй мүйүз тарта отура калып бир чечимге келет: элчини чектен чыгарбай тындым кылуу керек.
Кытай элчисинин артынан куугун түшөт. Эчак узап кеткен элчинин артынан ошондо аргымак аттар, канаттуу тулпарлар дароо кууп жетет да, Жазы сууну кечирбей жаздым кылат.
Ат үчүн айыгышкан согуш. Эки жак тең даярданат. Кытайлар үч миң атчан аскер менен кирет. Жазы суунун боюнда жазы-күзү эки жылы тынбаган уруш болуп, сай ташындай томолонуп эчен асыл баштар ыргыйт, сөөктөр сөпөт, устукандар упат болот, амалданып атып кытайлар дубандыктардын бир кентин басып алат, кайра алар камоодо калып, кытай колу качып жоголот. Кийинки жылы арттан жакшы жардам албай калган кытай баш каны дубандыктар менен согушка тандамал алтымыш миң аскерин салат, аларга курал-жарак, азык-оокат жеткирсин деп жүз миң ашык ат, өгүз, качыр, төө бөлөт. Кылкылдаган көп кытай күн батар жакты көздөп бара берет, бара берет. Улуу Таш-Сепил менен Улуу-Тоонун ортосун кара комок кол каптайт. Дубандыктар аштыкчысы аштыгын таштап найза кармайт, кызы чачын төбөгө түйүп, жаасын кармап атка минет, устанын баары дөөтүн узанып соко жасабай, союл жасайт. Эки жаат канча күн, канча түн кармашат, зоо бузулуп кум болот, дарыя соолуп чөл болот, очоктун оту өчөт. Ошентип ырайымсыз урушта Дубандын 69 кенти багынат, бир гана ордо калаа Ээрчи калат. Кутурган баш кандын каардуу кол башчысы багынбаган Ээрчини багындыруу үчүн кылбаганды кылдырат. Акыры ордо ичинен бир куйту катын чыгып, камалда турган калаанын куур жолун айтып коёт, ошондо алар куур башын саман салып бекитип кентти суусуз калтырат. Кырк күн, кырк түн камоодо туруп акыры суусуз калган калаа сырт дарбазасын ачууга мажбур болот. Ошондо аргасы түгөнгөн аксакалдар айтат. Силер адам өлтүргөнүңөрдү, калаабызды баса бергениңерди токтоткула. Биздин сөздү уксаңар силер эңсеген канаттуу аргымактарыбызды берүүгө макулбуз, жок, укпайт экенсиңер, анда биз, чеп ичиндеги адамдар, балдар, аргымактар бүт баарыбыз өрттөнүп өлөбүз.
Асман аттарынын алынып кетиши. Кытайлар өздөрү да айласы алты болгон го, урушту тамамдоону ылайык көрөт. Ошентип аксакалдар менен аргымактар силердин тукумуңарды сактап калган. Ошондо алар Кытайга миң аргымак, жүз айгыр, миң байтал бээни алып кеткен. – Аккан сөзүн бүткөндөй болду. Курманбек оор улутунуп алды. Ата-бабаларына сыймыктанды. Алардын аргасыз абалына боору ооруду.
– Анан ошол канаттуу аттар Кытайда азыр барбы? – Курманбек Акканга суроолуу тигилди.
– Кийинки тарыхын билбейм. Көп жылдар өтүп, балким, булар канаттуу болбой калгандыр. Балким, тез эле дубандык бир тыңчы барып бүт аттарды кырып келгендир. Же ошондон кылым өтпөй бир жолку Кытайда болгон катуу ташкында алардын баары кырылгандыр, же дагы бир жакка, балким, үйрөнүшкөн Дубандын тоолоруна учуп кетишкендир. Билбейм, билбейм, атам ушинтип айтчу.
– А ошол асман аттарынын тукуму бизде бар дейсиңби?
– Бардыр...
Ок тиштешип, дос болуу. Ошонуменен сөз көпкө уланбады. Эртеси таң эрте Курманбек менен Аккан ок тиштешип, төш такашып дос болушту. Достуктун шерти деп Кашкар ханы досуна кырк сыйра сарпай кийгизип, кырк төөгө шайы, атлас, чай, кант жүктөтүп, кербен узатар куралдуу топ кошуп берип күн жүрүшкө жиберди. Эки дос кыяматтык шерт кылып, кылыч мизин өбүшүп, күн батып баратканда ошол Күндү күбөгө коюп, кыр жондо коштошуп кала беришти. Бири кетти – Чыгышка, бири кетти – Батышка.
Тейит хандын сүйүнүчү менен өкүнүчү. Курманбектин кабарын угуп, жүз жылдап кыргыз-кыпчакты баскан калмактардын жеңилбес делген Дөлөн ханынын колун кырк жигит менен талкалап, Экез баатырды найзага сайып калмактын баарын качырганын, Кашкардын жоош ханы Аккандын кербенин бошотуп, анан ошону ээрчип кеткенин угуп Тейит хандын сүйүнүчү менен өкүнүчү кошо жүрдү. Сүйүнгөнү – өткөн өчтү, кеткен кекти алар адамдын келгени, ал өзүнүн баласы экени. Өкүнгөнү – алдында өксүп турган, жалынып-жалбарып турган Дөлөн ханды эчен жылдык кунга жыкпай уулунун Кашкарга кетип калганы.
Мына ушуларды угуп кудуңдап да, ызаланып да турган Тейит ханга Курманбектин келаткан кабарын билдиришти.
Кыпчак салты менен кыраңдагы кызгалдактардай кыпкызыл кийип тосуп чыгууга камынып жатты эл баатырын. Курманбек эми хан ордого түшсүн, ак кийизге ороп, ак боз бээни союп хан көтөрөлү, атасы Тейит ансыз да дарамети жок бийлигин уулуна өткөрүп берсин дешти кыргыз-кыпчак жакшылары. Буга ичтен тыржыйып калган менен Тейитбек сыртынан кубана макул болду. Баласынан, жалгыз туягынан опосу жок тагын аямак беле? Ансыз да ордонун таланганы качан?
Курманбектин таажы кийиши. Кең Жазынын боюна ары Кара-Дарыяга чейин созуп, миң өргөө тигип Курманбекти тосуп алды кыргыз-кыпчак биригип. Ата-бала моюндашып алышып, жытташып турду. Хандык таажыны кийгизди атасы өз колу менен уулуна. Бала баатыр Аккан досу берген белектеринин куржунун эң алгач атасына сөктүрдү. Атасы каалаганын алды. Калганы элге таратылды. Мындай ханды көргөн атасы Тейит бек дагы бир жолу баш чайкады. Курманбектин казынасы бош калганга ичи ооруп, “алда, балам ай, дүнүйөң жок, сөзүң элиңе өтпөй калар бекен” деп ичтен назар кылып, кайра өзү чочуп кетти, “эмнени айтып атам” деп ары карап үч жолу түкүрүнүп койду.
– Сен Дөлөндү коё берип бекер кылгансың, уулум, – деди Тейитбек жайма-жай калганда уулуна. – Аны менин алдыма кармап келсең болмок?
– Жарыктык, ата, аны эми эмне кыласыз? Өз күнүн көрө берсин да!
– Жок, балам, анткенде болбойт. Ал биздин сөөк өчтү душманыбыз, кыяматтык жообуз! Кун төлөтүү керек эле! Канча кыргыз-кыпчакты кырды, канча жыл бизди шорлотту, жайлоого чыгып жай жата албай, кыштоого чыгып от жага албай, кызыбызды намысы менен күйөөгө узата албай калганбыз. Бутту сунуп уктай албай, кайберен уулап ата албай, суунун жогору жагынан иче албай, уруксатсыз бир айылдан бир айылга кете албай калбадык беле? Өлүктөр калган көмүлбөй, жүзүбүз болгон көмүрдөй. Анан сен, уулум, ошол Дөлөн хан алдыңда турса, аны кантип коё бердиң?
– Коё бербегенде не кылам, ата?
– Не кылам, не кылам дейсиң! Бала элесиң, Курманбек! Мага алып келсең болбойт беле?! Ал деген оңой жоо эмес, сенин айкөлдүгүңдү, алабармандыгыңды, аңкоолугуңу, кек сактабашыңды билипэртең эле кол курап, сенин кырк жигитиңди ителги таранчы талагандай талап жебейби!
– Антпейт, ата!
– Көрөбүз! Дөлөн хан сага Тейит чал эмес!
Ата-бала ушинтип кер-мур сүйлөштү. Курманбек атасынын оюн түшүнбөдү. Атасы ички бугун уулуна айткысы келбеди, баласынын түшүнбөшүнөн, анын аткарбашынан коркту. Анан баарын өзү ойлогондой ишке ашырууну чечти.
Чуңкурчак жайлоосундагы этнофестивалдын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2023
Курманбектин Экезди сайышы жана Акканга барышы. Эпостон 8 факты
Жаңылыктар түрмөгү
0