14-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖенщина с сыном гуляют в одном из парков Бишкека. Архивное фото
Женщина с сыном гуляют в одном из парков Бишкека. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2023
Жазылуу
14-ноябрга караган түнү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде үшүк жүрүшү күтүлөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. 14-ноябрь, шейшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +11...+16, Талас облусунда +9...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +13...+18, Ысык-Көл өрөөнүндө +4...+9, Нарын жергесинде +3...+8 градуска чейин көтөрүлөт.
Ал эми борбор калаа Бишкекте 13…15, Ош шаарында 15…17 градус болору айтылды.
Суу менен бөтөлкөлөрдү кармап бара жаткан адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2023
Бишкек: эртең ичүүчү суу берилбей турган аймактардын тизмеси
Жаңылыктар түрмөгү
0