Кыргызстанда айлык акы өткөн жылга салыштырмалуу төрттөн бир эсеге көбөйдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыздын колундагы сом купюралары. Архивдик сүрөт
Кыздын колундагы сом купюралары. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда бир жылдын ичинде айлык акы орто эсеп менен инфляцияны эске алганда 10,7 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Бир жумушчунун орточо номиналдык маянасы (кичи ишканалардын кызматкерлерин эске албаганда) 2023-жылдын январь-сентябрь айлар аралыгында 32 123 сомду түзгөн.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу айлык 23,7 пайызга өскөн. Ал эми керектөөчү баанын индексин эске алганда реалдуу көлөм 10,7 пайызга жогорулаган.
Өнөр жайда иштеген кызматкерлер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2023
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 3,5 пайызга өстү
Жаңылыктар түрмөгү
0