Психолог: эркектер аялдарга салыштырмалуу стресске катуу кабылышат

© Фото / Pexels / Timur WeberСтресс болуп аткан киши. Архивдик сүрөт
Стресс болуп аткан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2023
Жазылуу
Эр-азаматтарда сезимдерин сыртка чыгара албай турган ички тыюулар бар экендиги айтылды.
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бүгүнкү күндө адамдар стресске көп кабылат. Бул нерсе кишинин ден соолугуна өзүнүн терс таасирин тийгизет. Ал эми эркектер аялдарга караганда стресске катуураак кабылып, андан чыгышы оор болорун психолог Эрмек Кашкомбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде айтып берди.
Стресс – организмдин көйгөйлөргө болгон табигый реакциясы. Ал позитивдүү (эустресс) жана негативдүү (дистресс) болуп бөлүнөт.
"Эустресс ички туюмдарды топтоп, жасоого оор, кээде мүмкүн эмес болгон нерселерди аткарууга жардам берет. Мисалы: эрдик көрсөтүү, кыска убакытта рекорд коюу сымал кадамдар. Ал эми дистресс, тескерисинче, организмди кыйнап, кыжырлануу, ачууланууга алып келет. Дистресске кабылган аялдар көбүнчө сүйлөшүп же ыйлап, ошону менен ички сезимдерин сыртка чыгара алса, эркектерге бул ыкма жарабайт. Алар көйгөйүн ичине катып, түнт болуп кетишет. Мындан улам инфаркт болуп, тестостерон азайып, ашказан ооруларына кабылышат”, — деген Кашкомбаев.
Психолог ошондой эле эмне үчүн эркектер стрессти оор кабыл аларын түшүндүрдү.
“Жигит деген ыйлабайт", "эркек күчтүү болушу керек” деген сөздөрдү бала чагыбыздан эле угуп келебиз. Дал ушул сөздөр алардын стрессти ичине катып, сезимдерин сыртка чыгарбай алып жүрүшүнө себеп болот. Эркектерде жардам суроо, ичиндегинин баарын айта берүү же жаш төгүү сымал кадамдарга ички психологиялык тыюулары жол бербейт”, — деп түшүндүргөн адис.
Психолог Шолпан Мамытова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2023
Радио
Учурунда чыкпаган эмоциялар дартка айланышы мүмкүн. Адистин кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0