Байден Си Цзиньпин менен Украинадагы чатакты талкуулоого ниеттенип жатат

© AP Photo / Alex BrandonАКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин
АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. АКШ Сан-Францискодогу Америка-Кытай саммитинде Украина менен Жакынкы Чыгыштагы чатакты талкуулоону туура деп эсептейт. Бул боюнча АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливандын айтканын РИА Новости жазды.
"Албетте, дүйнөлүк көйгөйлүү маселелер турат, лидерлер аларды талкуулаш керек. Бул — Россиянын Украинага каршы согушу жана Жакынкы Чыгыштагы кризис", — деген Салливан Ак үйдөгү брифингде.
АКШнын президенти Жозеф Байден эртең, шаршембиде, Кытай жетекчиси Цзиньпин менен Сан-Францискодо жолугууну пландап жатканы айтылды.
"Жолугушуу жемиштүү болот деп ойлойбуз", — деген Салливан.
Нью-Йорктогу фонддук биржасынын имараты. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2023
АКШ Кытай менен Россиянын айласын таппай турат. Дүйнөлүк абалга сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0