Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кандай адамдардын кант диабетине кабылуу кооптуулугу жогору. Адистин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Асель СыдыковаЭндокринолог Нуржамал Эсенкулова
Эндокринолог Нуржамал Эсенкулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2023
Жазылуу
Эндокринолог Нуржамал Эсенкулова кандагы холестерин менен кан басымы жогору, ашыкча салмак менен жүргөн 45 жаштан өйдө курактагы адамдар кант диабети менен ооруп калуу коркунучу жогору экенин айтты.
Кант диабетин дарылоо өтө кымбат жана өнөкөт оору болгондуктан, андан толук сакайып кетүүгө болбойт. Бул тууралуу Нуржамал Эсенкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кандай адамдардын кант диабетине кабылуу кооптуулугу жогору. Адистин түшүндүрмөсү
Анын айтымында, 2022-жылдагы каттоодо Кыргызстан боюнча 75 миӊден ашык кишиден оору аныкталса, алардын 29 миңи инсулин алат.
"Тамактанганда организм азыкты глюкозага майдалап бөлөт. Уйку бези иштеп чыккан инсулин гормону организмдеги клеткалар күч-кубат алуусу үчүн ошол кантты сиңирип алуусун шарттайт. Инсулин иштелип чыкпай калганда же жакшы иштебей калганда канда кант топтолуп калып, диабет пайда болот. Кант диабети кеңири тараган эндокриндик бузулуу болуп саналат. Стресс, ашыкча салмак, тамак сиңирүү органдарындагы оорулар уйку без тарабынан инсулин гормонунун иштелип чыгышын бузат. Бул өз кезегинде кант диабети оорусуна алып келет. Кант диабетинде аябай суусай баштоо, сууну түн ичинде дагы ичкиси келүү, заара бөлүп чыгуунун көбөйүшү, теринин кубарышы, арыктоо, терчилдик жана башка өзгөрүүлөр пайда болот. Кандагы холестерин менен кан басымы жогору, ашыкча салмак менен жүргөн 45 жаштан өйдө курактагы адамдар тобокел тобуна кирет. Булар экинчи типтеги кант дибети менен ооруйт. Бул типтеги илдеттин белгилери көп билинбейт. Көпчүлүгү байкаса деле маани бербей, дарыгерге кайрылбай жүрө берет. Андыктан ооруну алдын алыш үчүн алар бир жылда бир текшерилип коюшу керек", — деди Эсенкулова.
Ал ашыкча салмак менен жүргөн балдардын канындагы канттын деңгээлин текшерип туруу керектигин кошумчалады.
Бүгүн, 14-ноябрь – диабетке каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү.
Жаңылыктар түрмөгү
0