Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сыдыков: параюристтер долбоору элеттеги элдин укуктук сабатын жогорулатат

© Sputnik / Асель СыдыковаЮстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков. Архивдик сүрөт
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2023
Жазылуу
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков айыл жергесинде укуктук сабаттулукту көтөрүү максатында параюрист түшүнүгү кирерин айтты.
"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Анда параюрист түшүнүгүн киргизүү камтылган. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Сыдыков: параюристтер долбоору элеттеги элдин укуктук сабатын жогорулатат
Анын айтымында, аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү.
"Эгер мыйзам долбоору өтүп калса, анда параюрист түшүнүгү кирет. Бул — элет элинин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталган социалдык долбоор. Параюристер туугандарына, кошунасына, айылдашына жалпы кайрылган жарандарга укуктук кеңештерди берүүчү коомдук башталгычтагы кызматкерлер. Алар биздин министрлик тарабынан атайын даярдалган методика менен окуудан өтүп сертификаттарга ээ болушат. Андан соң параюристтик милдетин аткара беришет. Аларга эч кандай маяна төлөнбөйт, белгилүү жумуш көлөмү коюлуп, тапшырмалар берилбейт. Болгону координациялап туруучу райондук деңгээлдеги адистер болот. Билбей калган суроолору боюнча параюристтер ошол координаторлорго багыттайт. Параюристтер кылмыш элементтери жок учурда юридикалык кеңештерди бере алышат. Мисалы, ошол эле пенсия, жөлөк пул, мураскерлик, жер үлүшү боюнча маселелер, нике кагазы жана башка ушундай иштерде жарандар кайрылса болот. Алар өз ишмердүүлүгүн мечитте болобу, тойдо болобу, зарылчылык жаралган жерде, жаралган учурда жүргүзө беришет", — деди Сыдыков.
Ал параюристтик кыска окутуу курсунан 18 жаштан жогорку, психикалык жактан жабыркабаган бардык Кыргызстандын жарандары өтө аларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0