Кыргызстанда 1xBet онлайн кумар оюндарына тыюу салынды

© Sputnik / Виталий Белоусов"1xBet" букмекердик компаниясынын тактасы. Архив
1xBet букмекердик компаниясынын тактасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
Жазылуу
Аткаминердин айтымында, букмекердик конторанын лицензиясы чакыртып алынган.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 1xBet онлайн кумар оюндарынын ишине тыюу салынды. Бул тууралуу Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Марат Пирназаров парламентте билдирди.
Анын айтымында, 1xBet буга чейин букмекердик контора катары иштеп келген. Бирок анын лицензиясы чакыртып алынган, бүгүнкү күндө бизде иштебейт
Депутат Мирлан Самыйкожо бул онлайн казино мамлекеттик иш-чараларга канча жолу, канча суммада демөөрчү болгонун сурады эле, жооп бере алган жок. Тактап, кийинчерээк жазуу жүзүндө жөнөтөрүн убадалады.
Дагы бир эл өкүлү Эрулан Көкүлов аны улуттук көк бөрү оюнунда дагы жарнама кылып жатканын сындады.
Киши казинодо ойноп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Казиного барган кыргызстандыктарды түрмөгө отургузуу сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0