УКМК: Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго издөө жарыяланып, байлыгы тизмектелди

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРКөлбаевдин өкүл атасы Азим Рой
Көлбаевдин өкүл атасы Азим Рой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
Жазылуу
УКМКнын маалыматы боюнча, Азим Ройдун мурдагы аты-жөнү — Орозахун Сайдазимов. Ал Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында туулган. Учурда Россия жараны.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. УКМК "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго сыртынан айып тагылып, издөө жарыяланганын билдирди.
Атайын кызматтан Азим Ройдун Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылап, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгендиги такталды деп белгилешти. Мындан улам ага Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү ("Уюшкан топторду каржылоо") жана 224-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту жана 224-берененин 3-бөлүгү ("Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган жана байкабастыктан оор зыян келтирүү") боюнча иш козголгон.
"Азим Рой Камчы Көлбаевдин таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен Бишкекте курулуп жаткан Arstan Tower бизнес-борборунун 10 миллион долларлык 6 000 чарчы метр үлүшүн мыйзамсыз ээлеп алган. Мындан тышкары, ал Бишкектин жакшы жерлеринин биринде жайгашкан, аянты 500 чарчы метр, болжол менен 1 миллион доллар турган кымбат батирди сатып алып, Н.З.Х. аттуу жубайынын атына каттаган. Бул батирде Көлбаев жашап келген", — деп айтылат кабарда.
Ошондой эле атайын кызмат Бишкектин четиндеги элиталык шаарчалардын биринде Камчы Көлбаевдин үйүнүн жанында жайгашкан жалпы аянты 1 000 чарчы метр, баасы 2 миллион доллар болгон дача үйгө ээлик кылганы, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Каганат" эс алуу борборунда 500 миң долларлык коттедж да Ройго таандык болгону аныкталган деп билдирди. Мындан улам ага издөө жарыяланып, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.
УКМКнын маалыматы боюнча, Азим Ройдун мурдагы аты-жөнү — Орозахун Сайдазимов. Ал Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында туулган. Учурда Россия жараны, Көлбаевдин өкүл атасы болгонун белгилешти.
Атайын кызмат Ройдун жүргөн жери тууралуу маалымат болсо 0312 66-04-75, 0312 62-65-04 телефондору аркылуу байланышып коюуну өтүндү.
Мадина базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимов. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2023
Бишкек шаардык соту Турсунтай Салимовду камакта калтырды
Жаңылыктар түрмөгү
0