Уникалдуу "Бурандын" космоско биринчи жана соңку ирет учушу. Видео

Жазылуу
1988-жылы 15-ноябрда Байкоңур космодромунун 110-аянтчасынан "Энергия" кубаттуу ташыгыч "Буран" космостук кемесин алгачкы ирет аалам мейкиндигине алып чыккан.
Советтик "Буран" дүйнөдөгү бардык операциялары толук автоматташтырылган, борттук компьютер менен башкарылган биринчи космостук кеме болгон.
Долбоорго 16,4 млрд. рубль жумшалып, анда 1200дөн ашык ишкана жана 1,5 млн. адам иштеген.
СССРде негизинен беш "Буран" кемесин түзүүнү пландашканы менен толук экөөнү гана жасашкан. Үчүнчүсү космоско 1994-жылы жиберилмек. Программаны жабуу маалында анын жарымы, тагыраагы, 50 пайызы даяр болуп калган.
"Буранды" иштеп чыгуудагы техникалык чечимдерди россиялык жана чет элдик инженерлер алигүнчө колдонуп келишет.
Жаңылыктар түрмөгү
0