Мунапыстын алкагында жерине кызыл китеп берүүнү сурап 136 миң жаран арыз берди

© Sputnik / Руслан КривобокАял арыз жаткан учуру. Архив
Аял арыз жаткан учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Мунапыстын алкагында жерине кызыл китеп берүүнү сурап арыз берген жарандардын саны 135,9 миңге жетти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги 14-ноябрга карата берген маалыматында билдирди.
Анын ичинен 22,4 миң үйдүн ээсине техникалык паспорт, 33,7 миң жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт (кызыл китеп) тапшырылган. Жалпы жонунан 8 484 гектар жер трансформацияланган.
Жер мунапысынын объектиси болгон жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча иштер жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
Бишкектин четиндега жаңы конуш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Басып алынган жерлер кантип мыйзамдаштырылууда? Адистер менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0