Араванда сабалган эгиз кыздарга өгөй чоң энеси да кол көтөрүп жүргөнү айтылды

© AFP / JOSEPH EIDКурчагы менен отурган кыз. Архив
Курчагы менен отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
Жазылуу
Акыйкатчынын Оштогу өкүлчүлүгү эгиздердин камактагы энесине жолугуп, келин окуя боюнча өз версиясын айтып берген.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. КР акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Араванда энеси сабаган эгиз кыздардын укуктарын коргоону жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин интернетте аялдын эки кичинекей кызды сийип койгону үчүн сабаган видеосу тарап, муну көргөндөр келинди жазалоо керектигин жазышкан. Кийин милиция эгиз бөбөктөрдүн 21 жаштагы энесин кармаган.
Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлчүлүгү бөбөктөрдүн абалын билип келүү үчүн Араван райондук ооруканасына барышкан. Бирок ал учурда кыздарды атасы соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн алып кеткендиктен жолуга албаганы айтылды. Андан соң өкүлчүлүк экспертиза жүргүзгөн Араван райондук соттук-медициналык эксперттерге кезигип, алардан кыздардын абалы тууралуу маалымат алган.
"Эксперттердин айтуусунда, бөбөктөрдүн денесинде көптөгөн көк ала шишиктер жана ийне менен сайылган тактар аныкталган. Медицина кызматкерлери жабыр тарткан кыздардын абалы орточо оор, бирок туруктуу экенин айтышкан", — деп жазылат маалыматта.
Акыйкатчынын Оштогу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери убактылуу кармоочу жайда жаткан келиндин өзүнө да барып жолукканы маалым болду. Анда 2 жаштагы эгиз кыздардын энеси окуя боюнча өз версиясын айткан. Ал жарандык никедеги жолдошунун бир туугандары жана анын апасы ага психологиялык басым жасап келишкенин белгилеп, ачуусун эгиз кыздарынан чыгарып жүргөнүн кошумчалаган.
"Алар мени дайыма кемсинтип, психологиялык кысым көрсөтүшчү. Кыздарымды төшөккө сийип коет деп доомат коюшчу. Кайненем кыздарымды сабап, алардын денесине ийне сайгылап кордоп келген", — деген келин.
Шектүү ата-энесинен эрте ажырап, чоң энесинин колунда өскөнү маалым болду.
"Мектепти 9-класска чейин окуп, кийин окуусун уланткан эмес. 18 жашка чыкканда турмушка чыгып, эгиз кыздуу болгон. Кийин жолдошу менен ажырашып кетип, балдары менен атасынын үйүнө кайтып келген. Кийин келин С. Х. аттуу жаран менен никеге туруп, анын туугандарынын үйүндө жашап калат, бирок кайын журту анын кыздарын кабыл алышкан эмес", — деп жазылат кабарда.
Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү камактагы аялдын айткандарын текшерүү үчүн тиешелүү органдарга билдирме жөнөтүштү. Укук коргоо органдары кармалган аялдын жарандык никедеги жолдошунун апасына жана анын карындашына соттук-психиатриялык экспертиза дайындалганын билдирген. Акыйкатчы прокуратура органдарын кыздардын укуктарын коргоону камсыздоого чакырган.
Улгайган аял небересинин колун кармап отурат. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
Таштанды челектен табылган наристени таенеси багып алууга даяр экенин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0