Заседание Совета МПА СНГ в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны өтөт. 2023-жылы Кыргызстан шериктештиктин уставдык органдарында төрагалык кылууда. Иш-чаранын негизги темасы — орус тилинин КМШдагы улуттар аралык баарлашуу тили катары ролу.

Беларусь парламентинин төрайымы: Бишкек маанилүү чечимдердин борбору болуп калды

© Sputnik / Владислав НогайБеларустун Республикалык кеңешинин Улуттук жыйналышынын төрайымы Наталья Кочанова Жогорку Кеңештин 85 жылдык мааракесине арналган конференциясында
Беларустун Республикалык кеңешинин Улуттук жыйналышынын төрайымы Наталья Кочанова Жогорку Кеңештин 85 жылдык мааракесине арналган конференциясында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
Жазылуу
Наталья Кочанова Кыргызстан Беларусь үчүн ар дайым достук маанайдагы жакын өлкө бойдон каларын белгиледи.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкек конструктивдүү демилгелер менен КМШ, ЕАЭБ жана ШКУнун маанилүү стратегиялык чечимдеринин борборлорунун бири болуп калды. Бул тууралуу Беларустун Республикалык кеңешинин Улуттук жыйналышынын төрайымы Наталья Кочанова Жогорку Кеңештин 85 жылдык мааракесине арналган конференцияда билдирди.
Анын айтымында, юбилейлик дата бардык "парламенттик үй-бүлө" үчүн майрам болуп саналат.
"Беларусь үчүн Кыргызстан ар дайым достук маанайдагы жакын өлкө бойдон калат. Беларусь лидери Александр Лукашенко эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгы менен куттуктоо сөзүндө белгилегендей, биздин мамлекеттер бирдиктүү жолду татыктуу басып өттү. Минск менен Бишкектин кызматташуусу терең жана ар тараптуу маанайда өнүгүүдө. Эки өлкөнүн парламенттеринин көп пландуу кызматташуусу дагы активдүү өнүгүп жатканына чын дилден сыймыктанабыз", — деди Кочанова.
Ал кыргыз кесиптештеринин улуттук укуктук системаны жакшыртуудагы уникалдуу тажрыйбасы, эффективдүү жана жолго коюлган иши башкаларга үлгү экенин кошумчалады.
Кыргызстандагы “легендарлуу парламенттин” жыйыны. 1991 жылы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
Кыргыз парламенти 85 жылда кантип өзгөрдү? Кызыктуу тарыхый фактылар
Жаңылыктар түрмөгү
0