Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1дин долбоорун толук иштеп чыгууга 5 млн. доллар берет

© AP Photo / LM OteroЖүз доллар купюралары. Архивдик сүрөт
Жүз доллар купюралары. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
Жазылуу
Тараптар каражат алуу тууралуу тиешелүү макулдашууга кол коюшкан.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңыртуу үчүн 5 миллион доллар берет. Бул туурасында Финансы министрлиги билдирди.
Тиешелүү макулдашууга финансы министри Алмаз Бакетаев жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хассан Накви кол койгон.
Каражат Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоого жана толуктап иштеп чыгууга багытталат.
Жолугушууда ошондой эле энергетика тармагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана жаңы потенциалдуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдар талкууланган.
Президент Садыр Жапаров БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) администратору Аким Штайнер менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2023
Садыр Жапаров: Камбар-Ата ГЭСинин долбоору бардык инвесторлор үчүн ачык
Жаңылыктар түрмөгү
0