Трампты "сындыралы" дешкен. Капитолийди басып алууга катышкан "шамандын" видеосу

© AP Photo / J. Scott ApplewhiteЗдание Капитолия США в Вашингтоне. Архивное фото
Здание Капитолия США в Вашингтоне. Архивное фото  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
Жазылуу
Эки жыл мурдагы башаламандык учурунда төрт адамдын каза болгону кабарланган.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Эки жыл мурда Капитолийди басып алууга шамандын кийими менен келген америкалык Жейкоб Ченсли өзүн жана тилектештерин кантип "сызга отургузушкандыгын" айтты. Бул тууралуу РИА Новостинин Теlegram-каналы жазды.
Бул Дональд Трамптын жүрөгүн үшүтүү үчүн жасалганын кошумчалаган.
"Бизди сызга отургузалы дешкен. Бул Трамп (АКШнын мурдагы президенти – ред.) менен анын тарапташтарына каршы жасалган психологиялык операция болгон", — деген ал.
2021-жылдын 6-январында Дональд Трампты колдоо үчүн Вашингтонго чогулган тарапташтары шайлоонун жыйынтыгын бекитүү үчүн чогулган сенаттын жыйынын үзгүлтүккө учуратып, Капитолийди басып киришкен. Тартип сакчылары көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу граната колдонууга аргасыз болгон. Борбор калаага өзгөчө кырдаал режими жарыяланган болчу. Башаламандык учурунда 4 адам каза болгону кабарланган.
АКШ президенти Дональд Трамп митинг өткөрүп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2021
Трамп: Капитолийдеги мыйзамсыздыкка жана башаламандыкка ачууланып жатам
Жаңылыктар түрмөгү
0