Футбол: Кыргызстандын командасы Малайзияда үй ээлерине утулуп калды

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаКыргызстандын футбол боюнча курама командасы
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
Жазылуу
Бүгүн Кыргызстан үчүн Дүйнө чемпионаты — 2026га карата тандоо турунун биринчи беттеши болду.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Малайзияда үй ээлерине утулуп калды.
Мелдеш Малайзиянын Куала-Лумпур шаарындагы стадиондо өттү.
Биринчи голду Малайзиянын командасы киргизди. Оюндун 42-мүнөтүндө Кыргызстан эсепти теңдей алды, ал эми 44-мүнөттө алдыга чыкты. Эсеп 1:3 менен келе жатканда голдор арты-артынан кирип, беттеш 4:3 эсеби менен аяктады.
Бүгүн Кыргызстан үчүн Дүйнө чемпионаты — 2026га карата тандоо турунун биринчи беттеши болду.
Эскерте кетсек, Кыргызстан командасынын рейтинги жакшы болгондуктан мелдешти квалификациянын биринчи эмес, экинчи турунан баштады. Улуттук команда Малайзия, Оман жана Тайвань командалары менен бирге D тайпасына түштү.
21-ноябрда "Ак шумкар" өз талаасында Омандын курама командасы менен беттешет.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун (КФС) жетекчилиги жана өлкө клубдарынын өкүлдөрү менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2023
Ташиев: мамлекет футбол стадиондору менен талаалардын курулушун каржылайт
Жаңылыктар түрмөгү
0