Садыр Жапаров Японияга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарова. Архив
Президент Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарова. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
Жазылуу
Президент расмий сапардын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, расмий сапар менен Японияга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Сапардын алкагында мамлекет башчы император Нарухито, Япониянын премьер-министри Фумио Кисида, парламенттин төрагасы Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары менен жолугат. Ошондой эле ROTOBO – Япониянын бизнес-ассоциациясы, JATA – Япониянын туроператорлор ассоциациясы, JBIC – Япониянын Эксимбанкы, JETRO – Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү ассоциациясы, JICA – Япония эл аралык кызматташтык агенттиги сыяктуу жана башка түзүмдөрдүн жетекчилери менен кездешип, сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн айткан.

“Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланат”, — деп билдирди маалымат кызматы.

Делегациянын курамы:
биринчи айым Айгүл Жапарова;
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев;
Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров;
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов;
Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев;
саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;
финансы министри Алмаз Бакетаев;
экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
юстиция министри Аяз Баетов.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн Япониянын финансы министринин орун басары Масато Канданы кабыл алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
Жакында япониялык адистер Кыргызстандын каржы саясатын изилдөө үчүн келишет
Жаңылыктар түрмөгү
0