Баткен шаарында 500 орундуу мектеп курулууда. Сүрөт

© Фото / Пресс-служба полпреда Президента КР в Баткенской области Баткен шаарында 500 орундуу мектеп салынып жатат
 Баткен шаарында 500 орундуу мектеп салынып жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2023
Жазылуу
Мектептин эски имараты жер титирөөдөн кийин жараксыз болуп калган.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Баткен шаарында 500 орундуу мектеп салынып жатканын президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлады.
Сыдык Айтматов атындагы орто мектеп шаардын Базар-Башы кварталында жайгашкан. Аны курууга республикалык бюджеттен 133 миллион сом бөлүнгөн.
"Азыр курулуштун 40 пайызы бүттү. Билим берүү мекемесин пайдаланууга 2024-жылы берүү пландалган. Аталган мектептин эски имараты жер титирөөдөн кийин жараксыз болуп калган", — деп жазылат маалыматта.
Жыл ичинде Баткен облусунда жалпы 24 мектептин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштерин бүткөрүү пландалганы айтылып, анын ичинен жетөө пайдаланууга берилгени кошумчаланды.
"Республикалык бюджеттин эсебинен салынып жаткан дагы алты мектеп пайдаланууга берүү алдында турат, калганы жыл аягына чейин бүтүп калат", — деп айтылат кабарда.
Ат-Башыда 225 окуучу баткыдай жаңы мектеп салынып бүттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2023
Ат-Башыда 225 окуучу баткыдай жаңы мектеп салынып бүттү. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0