Заседание Совета МПА СНГ в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны өтөт. 2023-жылы Кыргызстан шериктештиктин уставдык органдарында төрагалык кылууда. Иш-чаранын негизги темасы — орус тилинин КМШдагы улуттар аралык баарлашуу тили катары ролу.
Заседании Совета МПА СНГ в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан

Бишкекте КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын сессиясы өтүүдө. Түз алып берүү

Жазылуу
16-17-ноябрда Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын сессиясы пландалган.
Кечээ ассамблеянын алкагында бир канча иш-чаралар өттү. Туруктуу эки комиссиянын, Жаштар ассамблеясынын жана ПААнын Кеңешинин отуруму болду. Андан сырткары, Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү. Бүгүн да бир нече иш-чара белгиленген.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
18:44 17.11.2023
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын 56-жыйыны соңуна чыкты
Парламентарийлер экология, коопсуздук жана укук сфераларындагы бир катар мыйзам долбоорлорун карап, жактырышты. Алар:
"Медициналык ишмердүүлүк менен алектенген субъектилердин бейтапка зыян келтирүүдөгү жоопкерчилигин камсыздандыруу жөнүндөгү";
"Тоо-кен казуу иштеринин калктуу аймактарга тийгизген таасири жөнүндөгү";
"Органикалык өндүрүш жөнүндөгү".
Жыйындын катышуучулары КМШ мамлекеттеринин терроризмди каржылоого карата жоопкерчилик боюнча Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү дагы колдошту.
Мындан тышкары, парламентарий Шериктештик мамлекеттерге төмөнкү маселелер боюнча берилген сунуштамаларды карап чыгышты:
маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагындагы мүчүлүштүктөргө профилактика жүргүзүү;
КМШнын аймагында укук бузууларга каршы укуктук көзөмөлдү жакшыртуу;
КМШнын экономикалык коопсуздук жаатындагы кызматташуусун өнүктүрүү.
16:44 17.11.2023
КМШ депутаттары орус тилинин улуттар аралык баарлашуу тил катары ролун талкуулашты
Казакстан парламентинин төрагасы Маулен Ашимбаев:
- Казакстанда орус тили маанилүү ролду ээлеп, мектептерде дагы орус тилинде сабактар өтүлүп келет. Жакында эле Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен КМШ лидерлери орус тилин колдогон эл аралык уюм түзүү чечимин кабыл алды.
Тажикстандын Милли мажлисинин төрагасы Рустами Эмомали:
- Биз биринчилерден болуп чет тилдерин, анын ичинде орус тилин окутууну жакшыртуу боюнча мамлекеттик программаны мыйзам деңгээлинде бекиттик. Билим берүүнүн стандарттарында орус тилине милдеттүү предмет статусу берилди.
Өзбекстан Олий мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева:
- Көп улуттуу Өзбекстандын билим берүү мекемелеринде эки тилдүү окуу программасы жүргүзүлөт. Негизинен өлкө соңку жылдары көп түрдүүлүк саясатына жогору маани берип жатат.
Межпарламентская ассамблея СНГ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
15:15 17.11.2023
Евразиялык көп элдин өкүлдөрү өзүнүн эне тилиндеги сөздөрдү орус тилинен таба алат
Муну Россиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко белгиледи.

"Башка тилдерден кошулган сөздөрдү, анын ичинен КМШ боюнча коңшулардын лексикасынан өзүнө сиңирип алуу жөндөмдүүлүгү орус тилин бүтүн бир бөлүккө айлантат жана анын эң сонун сапатын көрсөтүп турат", - деди Матвиенко.

14:48 17.11.2023
Орус тили КМШ өлкөлөрү үчүн биримдик диалогунун негизи катары кызмат кылууда
Мындай пикирин Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) 56-пленардык отурумунда айтты.

"Көптөгөн этностордун тилдерин өзүнө сиңирип алган орус тили көп улуттуу Россиянын чыныгы символу катары кызмат кылат. Россиялык киши үчүн орус тили биздин маданияттын, окшоштуктун өзөгү, биздин мамлекеттүүлүк менен цивилизациянын негизи. Акыркы жүз жылда орус тили улут аралык жана маданияттар ортосундагы пикир алышуунун куралы катары өнүктү, өзгөрдү. Евразиялык көп элдин өкүлдөрү өзүнүн эне тилиндеги сөздөрдү орус тилинен таба алат", - деди Матвиенко.

Встреча Торага Жогорку Кенеша Нурланбека Шакиева с председателем Совета Федерации России Валентиной Матвиенко - Sputnik Кыргызстан
14:19 17.11.2023
Межпарламентская ассамблея СНГ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Межпарламентская ассамблея СНГ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Межпарламентская ассамблея СНГ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Межпарламентская ассамблея СНГ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
14:17 17.11.2023
Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 56-пленардык отуруму башталды. Ал "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.
14:12 17.11.2023
Матвиенко Айтматов жөнүндө мындай деди:
Айтматов калемгер катары оюн жаңы табылгалар менен берүүгө умтулуп, ХХ кылымдын адабиятында революция жасагандай эле болду;
Философиялык романдар жанрында мыкты чеберге айланды;
мындай тереңдиктеги ойчул, жазуучу, коомдук ишмер дүйнөлүк маданиятка таандык;
Айтматов азыркы адабиятка ал жалындаган метеор катары шукшурулуп кирип келди;
гениалдуу чыгармалары Советтер союзунун маданий жашоосун ойготуп, жаңылады.
13:24 17.11.2023
Конференция алкагында КМШ ПААнын Кеңешинин чечими менен Чыңгыз Айтматов атындагы кезектеги сыйлык филология илимдеринин доктору, профессор, Айтматов таануучу, улуу окумуштуу, академик Абдылдажан Акматалиевге ыйгарылды.
Сыйлыкты Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Россиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко тапшырды.
Шакиев Абдылдажан Акматалиевдин адабияттагы жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөдөгү салымы чоң экенин белгилеп, окумуштуунун мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Кошумчалай кетсек, КМШ ПААнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык ээсине 1 млн. сом да берилди.
Вручение премии МПА СНГ им. Чынгыза Айтматова кыргызскому ученому  - Sputnik Кыргызстан
Вручение премии МПА СНГ им. Чынгыза Айтматова кыргызскому ученому  - Sputnik Кыргызстан
12:22 17.11.2023
Матвиенко: Айтматовдой ойчул дүйнөлүк маданиятка таандык
Россиянын Федералдык жыйынынын төрайымы Валентина Матвиенко жазуучунун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда сүйлөдү.
"Ал жаратылышынан жаратман болгон. Жазуучу кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөгөн үй-бүлөдө чоңойгонун баарыбыз билебиз. Ал "кыргыздарга бул эки тил бир куштун эки канатындай" деп абдан туура айткан. Айтматов мамлекеттик тил саясатчылардын эрки менен эмес, турмуштук зарылчылык менен аныкталарын белгилеген", — деген Матвиенко.
11:20 17.11.2023
Кечээки иш-чарадан ирмемдер. Бишкек. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигиндеги жети өлкөнүн депутаттары КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясында.
11:15 17.11.2023
Конференцияга КМШ ПАА кеңешинин, Россиянын Федералдык жыйынынын төрайымы Валентина Матвиенко, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурлан Шакиев, Азербайжан Межилисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Армениянын Улуттук чогулушунун төрагасынын орун басары Рубен Рубинян, Беларусь парламентинин спикери Наталья Кочанова, Казакстан Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Тажикстан парламентинин спикери Рустам Эмомали, Өзбекстан Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева катышууда.
10:33 17.11.2023
10:32 17.11.2023
Парламентарийлер...
10:20 17.11.2023
"Жамийла" менен анын Данияры. Луи Арагон өзү баа берген "Махабат тууралуу эң сонун баян".
10:19 17.11.2023
"Ак кеме" повестиндеги өзү кичинекей, бирок масштабы ири бала, Нургазы.
10:17 17.11.2023
Заседание Совета МПА СНГ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бул дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган карындашы Роза Айтматова жана уулу, мурдагы ТИМ жетекчиси Аскар Айтматов.
10:14 17.11.2023
Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасындагы Толгонай эне
10:11 17.11.2023
Ал эми бул "Бетме-бет" повестиндеги Ысмайыл жана анын жакындары
10:10 17.11.2023
Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасындагы Толгонай эне менен Бекташ
Жаңылыктар түрмөгү
0