Камчыбек Ташиев: Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон пайдасыз

© AP Photo / Martin MejiaКолдорунда кишендер менен адамдар. Архив
Колдорунда кишендер менен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2023
Жазылуу
УКМК төрагасы жарандарды бандиттерге эмес, расмий органдарга кайрылууга чакырды.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуу пайдасыз. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев УКМКнын кызматкерлери үчүн салынган имараттын ачылышында билдирди.
Ал чекисттер уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдардын бардыгын аныкташы керектигин белгиледи.

"Мен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө, мүчөсү болгондорго жана болгусу келгендерге кайрылам, эгер силер кылмыштуу топтун арты менен кадыр-баркка ээ болуп жакшы жашайм деп ойлосоңор терең жаңылышасыңар! Силер өз ишмердүүлүгүңөр менен аялыңарды, балдарыңарды, мамлекетти, бүтүндөй коомчулукту кайгыга саласыңар. Биздин өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуу пайда алып келбейт. Бул багыт трагедия менен аяктайт. Ар бир кызматкер коркпостон (кылмыштуу топ менен күрөштө — ред.), аёосуз, кылдат, мыйзам чегинде иш жүргүзүшү керек", — деди Ташиев.

УКМК төрагасы жарандарды бандиттерге эмес, расмий органдарга кайрылууга чакырды.
Көлбаевдин кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
Көлбаевдин кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0