Заседание Совета МПА СНГ в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны өтөт. 2023-жылы Кыргызстан шериктештиктин уставдык органдарында төрагалык кылууда. Иш-чаранын негизги темасы — орус тилинин КМШдагы улуттар аралык баарлашуу тили катары ролу.

Матвиенко: Айтматов Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук мамилени баалачу

© Sputnik / Владислав НогайРоссиянын Федералдык жыйынынын төрайымы Валентина Матвиенко Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференциясында
Россиянын Федералдык жыйынынын төрайымы Валентина Матвиенко Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференциясында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2023
Жазылуу
Ал эки өлкөнүн азыркы саясаты улуу жазуучунун идеяларына толугу менен дал келерин белгилеген.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Чыңгыз Айтматов Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук мамилени жогору баалачу. Бул тууралуу Россиянын Федералдык жыйынынын төрайымы Валентина Матвиенко жазуучунун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда билдирди.
Төрайымдын айтымында, Айтматовдун эки элдин достугун бекемдөөгө кошкон салымы зор.
"Жазуучу жаратылышынан жаратман болгон. Ал кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөгөн үй-бүлөдө чоңойгонун баарыбыз билебиз. Ал "кыргыздарга бул эки тил бир куштун эки канатындай" деп абдан туура айткан. Айтматов мамлекеттик тил саясатчылардын эрки менен эмес, турмуштук зарылчылык менен аныкталарын белгилеген. Жазуучу Россия менен байланышты сактоо Кыргызстандын кызыкчылыктарына жооп берерине ишенген", — деген Матвиенко.
Ал Россия менен Кыргызстандын азыркы саясаты улуу жазуучунун идеяларына толугу менен дал келерин белгилеген.
"Эки өлкөнүн башчылары саясий, экономикалык жана гуманитардык байланыштарды бекем кармоодо. Бул Евразия мейкиндигинде туруктуулукту сактоодо зор мааниге ээ", — деген ал.
КР президенти Садыр Жапаров менен РФ президенти Владимир Путин. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
Матвиенко: Путиндин КРге болгон сапары кызматташуунун келечеги кең экенин тастыктады
Жаңылыктар түрмөгү
0