Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШнын Украинага жаңы жардамдарды качан жөнөтүшү мүмкүндүгү айтылды

© AFP / DIMITAR DILKOFFУкраинанын аскерлери. Архивдик сүрөт
Украинанын аскерлери. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2023
Жазылуу
Буга чейин АКШ Россиянын атайын операциясы башталгандан бери Украинаны колдоо үчүн бөлгөн каражаттын 96 пайызы түгөнгөнү айтылган.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. АКШнын Украинага аскердик жардамдарды берүү чечими декабрдын ортосунан эрте кабыл алынбайт, процесс кийинки жылга чейин созулуп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.
Пентагондун өкүлүнүн айтымында, АКШ Украинага курал-жарак жөнөтүүнүн агымын чектеп баштады.
Басылма белгилегендей, бул боюнча Конгресстеги талаш Киевге жардам берүү маселесин келерки жылы кароого алып келиши мүмкүн. Анткен менен Ак үйгө Украина бөлүнгөн ресурстар азайып баратканын эскерткен.
Жума күнү АКШнын президенти Жозеф Байден өкмөттүн январь-февраль айларында ишин камсыз кылуучу эки этаптуу убактылуу каржылоо мыйзамына кол койгон. Бирок анда Украинага жана Израилге жардам берүү үчүн демократтар талап кылган 106 миллиард доллар каралган жок.
Буга чейин Ак үйдүн стратегиялык коммуникация боюнча координатору Жон Кирби АКШ Россиянын атайын операциясы башталгандан бери Украинаны колдоо үчүн бөлгөн бардык каражаттын 96 пайызы түгөнгөнүн айткан.
Вашингтондогу АКШнын Капитолий имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
АКШ конгресси Украина менен Израилге колдоо каралбаган бюджетти кабыл алды
Жаңылыктар түрмөгү
0