Газа секторунда набыт болгондордун саны 12 миңге жетти, дээрлик жарымы балдар

© AFP / SAID KHATIBПалестиналыктар Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында Израилдин бомбалоосу болгон жердеги кыйроого учураган жерлерди текшерүүдө
Палестиналыктар Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында Израилдин бомбалоосу болгон жердеги кыйроого учураган жерлерди текшерүүдө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2023
Жазылуу
Бул аймакта үч миңден ашык адамдар дайынсыз болууда.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Газа секторунда Израилдин соккуларынан каза тапкан адамдардын саны 12 миңге жетти. Бул тууралуу РИА Новости аталган анклавдын медиа офисине таянуу менен жазды.
Алардын ичинен 5 миңи жаш балдар экенин билдирген. Уранды алдында калган, дайынсыз жоголгон кишилердин саны 3750нүн тегерегинде.
Ал арада Россиянын Газага кошумча дагы 30 тонна гуманитардык жардам жеткирери маалым болду. Матрас, жаздык, өздүк гигиена каражаттары, азык-түлүк жана балдардын тамак-ашын жүктөгөн учак Грозныйдан Египетке учуп кеткен.
Газа тилкесиндеги Шифа ооруканасында ара төрөлгөн палестиналык ымыркайлар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
ЖМК: Газанын ооруканасындагы ымыркайлар эвакуацияга муктаж
Жаңылыктар түрмөгү
0