Быйыл 9 айда эле Россияда 566 кыргызстандык баңгизат менен кармалды

© Фото / Pexels/ MART PRODUCTIONБаңгизат кармап турган киши. Иллюстративдик сүрөт
Баңгизат кармап турган киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Россияда жарым миңге жакын, тагыраагы, 566 кыргызстандык баңгизатка байланыштуу кылмыш менен жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу өлкөнүн Россиядагы элчилиги билдирди.
Дипөкүлчүлүк Россиянын укук коргоо органдарын, Москвадагы кыргыз диаспора уюмдарынан жана аймактык бирикмелерден чакырып жолугушуу уюштурган.
Анда Россия ИИМинин Баңгизаттардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын өкүлдөрү былтыркыга салыштырмалуу баңгизат менен жоопко тартылган кыргызстандыктардын саны 2,9 пайызга көбөйгөнүн айткан. Ошондой эле мындай кылмыштарга жаштар көбүрөөк аралаша баштаганын белгилешкен. Андыктан кармалган ар бир жаран сөзсүз жазаланарын эскертип, активисттерден мекендештерди мыйзамсыз аракеттерди жасабоого чакырууну өтүнүшкөн. Аны менен катар баңгизат менен алдап тузакка түшүрүү тобокелчиликтери да бар экенин эскертишкен.
Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар Россияда жүргөн Кыргызстандын жарандары арасында түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүнү макулдашты.
Кишинин колундагы баңгизаттар. Иллюстративдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2023
Баңгизат жайылтууга жаштар тартылып жатат! УКМКнын ата-энелерге эскертүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0