Өлкөдө Жунай Мавляновдун 100 жылдыгы белгиленет

© Фото / предоставлено Кларисой МавляновойКыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Жунай Мавлянов. Архив
Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Жунай Мавлянов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2023
Жазылуу
Жазуучунун мааракесине арналган иш-чаралар 23-ноябрга белгиленген.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Жунай Мавляновдун 100 жылдыгы белгиленерин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жазуучунун мааракесине арналган иш-чаралар 23-ноябрга белгиленген.
"Саат 14:00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында китеп көргөзмөсү жана саат 16:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Улуттук академиялык драма театрында салтанаттуу иш-чара өтөт", — деп айтылат маалыматта.
Жунай Мавлянов 1923-жылы Жалал-Абад облусунун азыркы Аксы районундагы Кош-Дөбө айылында туулган. Жазуучу башында ыр жазып, поэмалар жыйнагын чыгарып жүрүп кийин биротоло кара сөз жазууга өтүп, "Күтүү", "Менин күндөлүгүм", "Чагылган", "Нан", "Турмуш", "Эне", "Мен жана айылдаштарым" сыяктуу аңгеме, повесттери, "Ачык асман", "Бийиктик", "Кайрымсыз жылдар" романдары жарык көргөн. Жазуучу 2003-жылы 25-ноябрда жол кырсыгынан каза тапкан.
Жунай Мавляновго СССРдин эл агартуу отличниги, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу деген наамдар берилген. Улуу Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени, Кыргыз Республикасынын II даражадагы Манас ордени жана Даңк медалы менен сыйланган. Аксы районунун Кербен шаарындагы лицей-интернатка ысымы ыйгарылган. 2008-жылы Бишкекте жашаган үйүнө мемориалдык такта орнотулган.
Народный писатель КР Жунай Мавлянов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2019
"Силерге эмес, өзүбүзгө жетпейт". Шаханов талашкан Жунай Мавлянов тууралуу 11 факты
Жаңылыктар түрмөгү
0