20-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЖамгыр учурунда клен жалбырактары. Архив
Жамгыр учурунда клен жалбырактары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2023
Жазылуу
20-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбүдө жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда көчкү түшүүcү мүмкүн. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +10…+15, Талас облусунда +9…+14, Ысык-Көл, Нарын чөлкөмдөрүндө +6…+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +14…+19 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.
Кыздын колундагы дары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2023
Вирусту дарылабайт. Медиктер антибиотикти туура колдонуу эрежелерин айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0