ЖМК: Парижде учак 30 жүргүнчүсүн аэропортко "унутуп" учуп кеткен

© AFP / TOBIAS SCHWARZАэропорттон Sunexpress компаниясынын учагы учуп жатат. Архив
Аэропорттон Sunexpress компаниясынын учагы учуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2023
Жазылуу
Учуу убактысы жылган самолёттун кайра абага качан көтөрүлөрү айтылган эмес. Күтүп жаткандар рейсти мобилдик тиркемеден текшере келгенде анын эчак эле учуп кеткени аныкталган.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. SunExpress компаниясынын аба лайнери Парижден Измирге 30 жүргүнчүсүн унуткан боюнча учуп кеткен. Бул тууралуу РИА Новости Airporthaber порталына таянуу менен кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ Шарль-де-Голль аэропортунда болгон. Саат 17.00гө мерчемделген Париж — Измир каттамы боюнча уча турган учактын убактысы үч саатка жылган. 20.00дө учар маалы айтылган эмес.
Жүргүнчүлөр рейсти мобилдик тиркемеден карай келгенде учак Түркияга эчак эле учуп кеткени аныкталган.
SunExpress "унутулган" элди мейманканага жайгаштырып, кийинки рейс менен жөнөткөн.
Айрым ЖМКлардын маалыматы боюнча, "унутта калгандардын" арасында бир пилот да болгон.
“Аалам сулуусу-2023” титулун никарагуалык Шейнис Паласиос жеңип алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2023
Сальвадордо "Аалам сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0