Чек ара кызматы "Ак-Тилекте" фуралар эмнеге кезек күтүп турганын түшүндүрдү

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүү"Ак-Тилек" көзөмөл өткөрмө пунктунда жүк ташыган автоунаалар. Архив
Ак-Тилек көзөмөл өткөрмө пунктунда жүк ташыган автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2023
Жазылуу
Ведомство Кыргызстан менен Казакстандын чек арачылары жүк ташуучуларга чектөө киргизбегенин кабарлады.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Саат 11:00гө карата кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрмө пунктунда жүк ташыган 500 автоунаа кезек күтүп турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлады.
Мекеме жүк ташуучу транспорттордун топтолушу сезондук көрүнүш экенин белгилеп, бул мезгилде айыл чарба продукцияларынын экспорту жогорулай турганын кошумчалаган.
Өткөн суткада аталган жайдан 280 жүк ташуучу транспорт өткөн.
"Көзөмөл-өткөрмө пунктунан жаныбарлар жана тез бузулуучу азыктарды ташыган фуралар кезексиз өтүүдө", — деп жазылат кабарда.
Ведомство Кыргызстан менен Казакстандын чек арачылары жүк ташуучуларга чектөө киргизбегенин кабарлады. Кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрүү пунктулары штаттык режимде иштеп жатат.
Чет элдиктерди Казакстанга мыйзамсыз жөнөтүп тургандар кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2023
Чет элдиктерди Казакстанга мыйзамсыз жөнөтүп тургандар кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0