Бишкектин чок ортосунда Түгөлбай Сыдыкбековго эстелик коюлду

© Sputnik / Аяна БайтемироваБишкектин чок ортосунда Түгөлбай Сыдыкбековго эстелик коюлду
Бишкектин чок ортосунда Түгөлбай Сыдыкбековго эстелик коюлду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2023
Жазылуу
Ал кыргыз адабиятындагы таланттуу романисттердин бири.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бишкектин чок ортосундагы Эркиндик гүлбагында белгилүү жазуучу Кыргыз эл баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун айкели ачылды.
Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, акын-жазуучулар, коомчулук катышты.
© Sputnik / Аяна Байтемирова

Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, акын-жазуучулар, коомчулук катышты

Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, акын-жазуучулар, коомчулук катышты - Sputnik Кыргызстан
1/3

Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, акын-жазуучулар, коомчулук катышты

© Sputnik / Аяна Байтемирова

Түгөлбай Сыдыкбеков ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон

Түгөлбай Сыдыкбеков ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон - Sputnik Кыргызстан
2/3

Түгөлбай Сыдыкбеков ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон

© Sputnik / Аяна Байтемирова

Анын романдары менен бир канча муун тарбияланган. "Тоо арасында", "Тоо балдары", "Темир" романдары Сыдыкбековду кара сөзчү катары таанытты

Анын романдары менен бир канча муун тарбияланган. "Тоо арасында", "Тоо балдары", "Темир" романдары Сыдыкбековду кара сөзчү катары таанытты - Sputnik Кыргызстан
3/3

Анын романдары менен бир канча муун тарбияланган. "Тоо арасында", "Тоо балдары", "Темир" романдары Сыдыкбековду кара сөзчү катары таанытты

1/3

Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, акын-жазуучулар, коомчулук катышты

2/3

Түгөлбай Сыдыкбеков ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон

3/3

Анын романдары менен бир канча муун тарбияланган. "Тоо арасында", "Тоо балдары", "Темир" романдары Сыдыкбековду кара сөзчү катары таанытты

Түгөлбай Сыдыкбеков ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. Анын романдары менен бир канча муун тарбияланган. "Тоо арасында", "Тоо балдары", "Темир" романдары Сыдыкбековду кара сөзчү катары таанытты.
Сүрөткердин турмушунда "Көк асаба" романы өзгөчө тагдырдагы чыгарма болгон. Ал Орхон-Энесай доорундагы түрк элдеринин басып өткөн жолун көркөм жалпылаштырууга алган, бул дал ошол тарыхыйлыгы менен тоталитардык доордун "кара сандыгына" кабылган. Көп жыл окурмандарына жетпей жатып, заман бир аз оңолгондо гана 1989-жылы окурман колуна тийген.
Түгөлбай Сыдыкбековдун Көк асаба романы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2015
"Көк Асаба" романы туурасында кызыктуу 10 факты
Жаңылыктар түрмөгү
0