22-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПаркта сейилдеп жүргөн аялдар балдары менен. Архив сүрөт
Паркта сейилдеп жүргөн аялдар балдары менен. Архив сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2023
Жазылуу
22-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Шаршембиде күндүн экинчи жарымында Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Талас жергесинде +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көлдө +7...+12, ал эми Нарында +8...+13 градус жылыйт.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +18...+20, Ошто +19...+21 градуска жетет.
Аял баласы менен жаан астында жолдон өтүп бара жатышат. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2023
Аптанын башы жаан-чачындуу. Кыргызстанда бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0