Акылбек Жапаров өлкөдөгү бала бакчалар эки сменага өтөрүн айтты

© AFP / ERIC CABANISДевочки в детском саду. Архивное фото
Девочки в детском саду. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2023
Жазылуу
Ал бийлик балдарды "багуудан" баш тартарын белгиледи.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде өлкөдө бала бакчалардын иштөө тартиби өзгөрө турганын айтты.
Ал бийлик бала бакча куруп, аларды китептер менен камсыздоого даяр экенин айтып, бирок бакчаларды эки сменага өткөрүү зарылдыгына токтолгон.
"Балдарды багып, түштө тамак берип, уктатып, анан кечинде атасы алып кетет деген философиядан баш тартып жатабыз. Түшкө чейин бир балдар келип мектепке даярданат, түштөн кийин экинчи смена менен башкалар келе тургандай болот. Ошондой бакчаларга биз колубуздан келген жардамдын баарын беребиз. Жергиликтүү бийлик да, ата-энелер да ушуга кошулуш керек", — деген Жапаров.
Ал республикалык бюджеттен бакчанын электр энергиясына, суусуна, имаратына каражат бөлүнөрүн белгилеген.
"Бакчада балдардын тамагына акча бергиле деп кыйнабагыла. Бакчага 24 пайыз эле бала барат экен, биз андан көрө ошону 50 пайызга чейин жеткирели", — деген өкмөт башчы.
Ал билим берүү тармагына келген жаңы министр менен бул жаатта жаңы концепция иштелип жатканын кошумчалаган.
Начальник управления дошкольного образования Министерства образования и науки Нурзида Касымова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2023
Радио
Касымова: Бишкек шаарында балдардын 41 пайызы гана бала бакчага барат
Жаңылыктар түрмөгү
0