Газада каза болгон журналисттердин саны айтылды

© AP Photo / Ohad ZwigenbergИзраилдин аскерлери Газа секторунда операция учурунда
Израилдин аскерлери Газа секторунда операция учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2023
Жазылуу
Мерт болгондордун 45и палестиналык, төртөө Израилдин журналисттери, бири ливандык экени айтылды.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Палестина-Израиль жаңжалы башталгандан бери каза болгон журналист, ЖМК өкүлдөрүнүн саны кеминде 50гө жетти. Бул тууралуу РИА Новости Журналисттерди коргоо эл аралык комитетинин маалыматына таянып кабарлады.
"Журналисттерди коргоо комитетинин болжолдуу иликтөөсү боюнча, 7-октябрдан 20-ноябрга чейин Палестина-Израиль чыр-чатагында ЖМКнын 50 өкүлү каза болгон. Анын ичинде журналисттер дагы бар. Чыр-чатак башталган күнү, 7-октябрда эле ЖМКнын алты өкүлү өмүр менен кош айтышкан", — деп жазылат комиттетин маалыматында.
Уюмдун иликтөөсүндө көз жумгандардын 45и палестиналык, төртөө Израилдин журналисттери, бири ливандык экени айтылган.
"11 журналист жарадар болсо, үчөө дайынсыз жоголгон. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын 18 өкүлү камакта", — деп жазылат кабарда.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа сектору тараптан ракеталык чабуулга туш болгондон тарта курчуп кетти. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны 13 миң кишиге жетсе, алардын төрт миңден ашыгы балдар экени айтылды. Жарадар болгондордун саны 30 миңден көп дешти.
Ал эми жергиликтүү бийликтин маалыматында Израилден 1,4 миң киши көз жумган, жабыр тарткандардын саны 5 миңге жакын. Ар кыл эсептер боюнча 200гө чукул израилдиктин ХАМАСта кармалып турганы айтылып келет. Ал эми аталган уюм бул сан 250гө жакындап барарын билдирген.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Бир айдан ашуун убакыттан бери тутанып жаткан согуш оту эл аралык уюмдардын, анын ичинен Бириккен Улуттар Уюмунун 101 кызматкеринин өмүрүн алган. Бул туурасында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш билдирген.
Газа тилкесиндеги Шифа ооруканасында ара төрөлгөн палестиналык ымыркайлар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
ЖМК: Газанын ооруканасындагы ымыркайлар эвакуацияга муктаж
Жаңылыктар түрмөгү
0