Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЖМК: курал-жарак берүү кыскарып, Киев кыйнала баштады

© AP Photo / Alastair GrantУкраинанын желеги. Архив.
Украинанын желеги. Архив. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2023
Жазылуу
Америка Конгрессиндеги Украинага берилүүчү жардам боюнча ача пикирлер көп маселенин башталышы болчудай.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. АКШнын курал-жарак берүүсү кыскара баштагандыктан Украинада "оңбогондой көйгөйлөр жаралууда". Украинанын Куралдуу күчтөрү согуш талаасында өзүнүн позициясынан "өтө көп жоготуулар" менен ажыроо тобокелдигинде турат. Бул туурасында америкалык ABC телеканалы атын атагысы келбеген Киевдеги аткаминерге таянып кабарлагандыгын РИА Новости жазды.
Телеканал украиналык аткаминер АКШнын курал-жарак жөнөтүүсү боюнча тынчсыздангандыгын билдирген. Бул Америка Конгрессиндеги талаш-тартыштардан кийин Киевге жардам берүүдө келип чыккан ача пикирлерден улам болуп жаткандыгын эске салган.
"Бизде көйгөйлөр өтө чоң... Негизги ок-дары келбей жатат", — деген аткаминер.
Ал Украина согуш талаасында өзүнүн позициясынан "өтө көп жоготуулар" менен ажыроо тобокелдигинде тургандыгын эскерткен.
Пентагон башчысы Ллойд Остин мурдараак Киевге жасаган сапарында Украинага 100 миллион долларлык аскердик жаңы жардам берилерин жарыя кылган. Анын айтымында, бул пакетте артиллерия жана абадан коргонуу үчүн ок-дары, танкага каршы каражаттар бар. Россиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов Киевге жардам катары каралган жаңы пакет коллапстын чегинде турган Киев үчүн "көңүлдү жай кылган нерсе" катары каралууда.
Анткен менен АКШ администрациясынан Украинага берилүүчү көмөк жаатында Конгресс менен макулдашкан каражаттын көлөмү сарпталып бүткөндүктөн жардамдын кыскарып жатканын айтышкан.
Россия буга чейин НАТО мамлекеттерине Украинага жиберилген курал-жарактар боюнча нота жөнөткөн. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Киевге багытталган курал салынган кандай гана жүк болбосун Россиянын мыйзамдуу бутасына айланарын айткан. Ал НАТОнун өлкөлөрү Украинага аскердик жардам берип "от менен ойноп жатышканын" эскерткен. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Батыштын Украинаны тишине чейин куралдандыруусу Россия-Украина сүйлөшүүлөрүндө оң жыйынтык бербестигин белгилеген. Лавровдун АКШ менен НАТОнун Украинадагы чатакка "курал менен жабдып эле жардамдашып тим болбостон, Улуу Британиянын, Германиянын, Италиянын жана башка мамлекеттердин аймагында кадрларды даярдап берип да катышып жатканын" айткан жайы бар.
Франциянын коргонуу министри Себастьен Лекорню. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Франция Украинага өзүндөгү курал-жарактан бербестигин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0