Кыргызстанда болочок энелер үчүн телеграм-бот ишке киргизилди

© AFP / YOSHIKAZU TSUNOКош бойлуу аял. Архивдик сүрөт
Кош бойлуу аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2023
Жазылуу
Чат-ботто кош бойлуу учурунда жана төрөттөн кийинки кепилденген медициналык кызматтар, жеңилдиктер тууралуу кыргыз, орус тилдеринде маалымат берилип турмакчы.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду "ФОМС — вы будете мамой!" аттуу телеграм-ботту ишке киргизди.
Чат-ботто баланы пландоо, кош бойлуу учурунда жана төрөттөн кийинки кепилденген медициналык кызматтар, жеңилдиктер тууралуу кыргыз, орус тилдеринде маалымат берилип турмакчы.
Анда зомбулуктан жапа чеккендерди колдоо кызматтарынын даректери да көрсөтүлгөн.
Бот Саламаттык сактоо министрлигинин клиникалык протоколдоруна жана клиникалык көрсөтмөлөрүнө негизделип иштелип чыккан. Аны Телеграмдан "ФОМС — вы станете мамой!" деп жазып тапсаңыз болот.
Кош бойлуу кезинде колуна алма кармаган кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2023
Адистер кош бойлууларга эң керектүү деген витаминдерди санап беришти
Жаңылыктар түрмөгү
0