Диплом чыры: Фархат Исмаилов кетип, Чынберди Төлөнов депутат болуп келди

© Фото / пресс-служба ЦИК КРБорбордук шайлоо комиссиясы Чынберди Төлөновго Жогорку Кеңештин депутаты мандатын тапшырды
Борбордук шайлоо комиссиясы Чынберди Төлөновго Жогорку Кеңештин депутаты мандатын тапшырды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Чынберди Төлөновго Жогорку Кеңештин депутаты мандатын тапшырды.
Жаңы депутат парламентке "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен келип жатат. Ал жасалма диплому үчүн мандатынан кол жууган Фархат Исмаиловдун ордуна отурат. Исмаилов бул боюнча бир нече жолу сотко кайрылган, жыйынтыгында Жогорку сот дагы анын дипломун жараксыз деп тапкан.
Чынберди Төлөнов жеке компанияларда иштеп келген. 2019-жылы президенттик аппараттын Мамлекеттик имараттар департаментин жетектеген.
Депутаттык мандатынан ажыратылган Өмүрбек Бакировдун ордуна Равшанбек Рысбаев депутат болуп келди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
Мандатынан ажыраган Өмүрбек Бакировдун ордуна Равшанбек Рысбаев депутат болду
Жаңылыктар түрмөгү
0