Көлбаевдин 720 батири жана унаалары Маммүлккө кантип өткөнүн түшүндүрүштү

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРБишкекте көп кабаттуу үйдү курууда жумушчулар. Архив
Бишкекте көп кабаттуу үйдү курууда жумушчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2023
Жазылуу
Аткаминер кеп курулушу бүтө элек батирлер туурасында жүрүп жатканын, турак жайлар агенттикке төрт жылдан кийин берилерин айтты.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин 720 батири менен алты автоунаасы мамлекеттин менчигине ыктыярдуу берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.
Аткаминер кеп курулушу бүтө элек батирлер туурасында жүрүп жатканын, турак жайлар салынып бүткөндөн кийин Маммүлк агенттигине 2027-жылы өтөрүн айтты. Ал эми алты темир тулпары кечээ аукционго коюлгандыгын кошумчалады.
Машиевдин маалыматында, жыл башынан бери агенттикке 38 үй жана жер тилкелери өткөрүлгөн. Алардын арасында Көлбаевге таандык мүлк да бар. Аткаминер бирок алардын канчасы кримтөбөлгө тиешелүү экендигин так айткан жок.
Кечээ Көлбаевдин автоунааларынын тоорукка коюлары туурасында маалымат тараган соң, социалдык тармактын катышуучулары соттун өкүмүсүз мындай чечимдин чыгышына суроо салышкан. Маммүлк машиналар ыктыярдуу түрдө өткөрүү боюнча келишимдин негизинде аукционго коюлганын билдирип, документке кримтөбөлдүн үй-бүлө мүчөлөрү кол койгонун билдиришкен.
Көлбаевдин 820дан ашык батири болгонун, эми алар мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу элге берилерин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да айткан эле.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2023
Камчыбек Ташиев Көлбаевдин тууган-уругуна кайсы байлыгы калтырылганын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0