Ымыркайлардын ташталышы: Шакиев ИИМге көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаСпикер Нурланбек Шакиев. Архив
Спикер Нурланбек Шакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2023
Жазылуу
Төрага коомдо аялзатына жасалган зомбулук боюнча тынчсыздануулар көп экенин белгиледи.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыз-келиндерге түнү эмес күндүзү да жүрүү кооптуу болуп калды. Мындай пикирин спикер Нурланбек Шакиев парламентте билдирди.
Ал жаңы төрөлгөн балдарын көчөгө таштап кеткен окуялар коом үчүн коркунуч деп эсептейт.
"Акыркы убакта коомдо аялзатына жасалган зомбулук боюнча тынчсыздануулар көп. Себеби биздин кыз-келиндерге түнү эмес күндүзү да жүрүү кооптуу болуп жатат. Мына үч ымыркайды таштап кеткени аныкталды. Бул абдан кейиштүү жагдай. Ушул жаатта өкмөт зарыл чараларды көрүш керек. Милиция ишти күчөтүлгөн тартипте алып барбаса бул чоң коркунуч", — деди Шакиев.
Төрага кечээ ички иштер министрине коомдук жайларга видеокөзөмөл орнотууну күчөтүү зарылчылыгын айтканын белгиледи.
Жаш аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
Баласын таштанды челекке таштаган келин тергөө абагынан чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0