Өлкөдө эки агрокластерди ишке киргизүү үчүн инвестициялык форум өтөт

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүСүт заводу. Архивдик сүрөт
Сүт заводу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2023
Жазылуу
Иш-чараны БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, Айыл чарба министрлиги Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен биргеликте уюштурууда.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда эки пилоттук агрокластерди ишке ашыруу максатында инвестициялык форум өтөт. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, бул агрокластерлер Чүй облусунда сүт, ал эми Нарын менен Ысык-Көлдө эт өндүрүүгө багытталган.
Иш-чараны БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, Айыл чарба министрлиги жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду биргеликте уюштурууда.
Форумдун максаты — өнөктөштөрдүн пикир алышып, кызматташуусуна аянтча түзүп берүү. Бул өлкөдө эки пилоттук айыл чарба кластерин ийгиликтүү ишке киргизүү үчүн зарыл болгон инвестиция тартууга жол ачат.
Агрокластерде кызыкчылыктары дал келген өнөктөштөр биригип иш алып барат. Кластердик саясат продукцияны сатуунун деңгээлин жогорулатууга жана кошумча нарк менен өндүрүштү түзүүгө жардам бергендиктен майда фермерлик жана агробизнеске ылайыктуу экени айтылды.
Буудай жыйноо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
Майда чарбалар эмес, ири корпорациялар керек. Айыл чарбасы канткенде өнүгөт?
Жаңылыктар түрмөгү
0