РКӨФтүн Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө көрсөтүп жаткан көмөгү. Сандар

© Фото / пресс-служба Российско-Кыргызского фонда развитияРоссия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун желеги. Архивдик сүрөт
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун  желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2023
Жазылуу
Курманбеков РКӨФ өлкө аймактарындагы бардык долбоорлорду каржылап жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Бакыт Курманбеков алар өлкөнүн айыл чарба ишканаларына кандай көмөк көрсөтүп жатканын айтты.
Курманбеков Чүй облусунда сүт, Нарын жана Ысык-Көл облустарында эт өндүрүүгө жардам бере турган инвестициялык форумда сүйлөдү.
Иш-чараны БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму Айыл чарба министрлиги жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен биргеликте уюштурууда.
Курманбеков РКӨФ өлкө аймактарындагы бардык долбоорлорду каржылап жатканын айтып, муну менен токтоп калбай турганын белгилеген.
"Фонд каржылаган ишканалар өлкөнүн кантка болгон муктаждыгынын 78 пайызын, канаттуулар этинин 34 пайызын, сүттүн 23 пайызын, ундун 21 пайызын жана жумуртканын 20 пайызын өндүрүшөт", — деген ал.
Курманбеков РКӨФ буга чейин сүт, эт, жашылча-жемиш, ошондой эле аквакультураны өнүктүрүү кластерин камтыган төрт негизги кластердик багытты түзүүнү колдогонун эске салды. Ал айыл чарбада кластердик ыкма продукцияны сатууда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга мүмкүндүк берген жападан жалгыз натыйжалуу форма болуп саналарын кошумчалаган.
Агрокластерде кызыкчылыктары дал келген өнөктөштөр биригип иш алып барат. Кластердик саясат продукцияны сатуунун деңгээлин жогорулатууга жана кошумча нарк менен өндүрүштү түзүүгө жардам бергендиктен майда фермерлик жана агробизнеске ылайыктуу экени айтылды.
iPhone сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2023
Өлкөдө микрокредит алган адамдардын саны 12%га көбөйдү
Жаңылыктар түрмөгү
0