600 адам абактан чыгышы мүмкүн. Парламент мунапыс берүү мыйзамын кабыл алды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАбактагылар. Архив
Абактагылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2023
Жазылуу
Зордуктоо боюнча камалгандардын жазасы жеңилдетилбей турганы белгиленди.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңеш абакта отурган жана сыртынан кесилген адамдарга мунапыс берүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды.
Демилгечи депутат Жусупбек Коргонбаевдин айтымында, мунапыс 600дөн ашуун соттолуучуга колдонулушу мүмкүн. Долбоор жашоодо жаңылып же кокустуктан кылмышка баргандарга арналган.
Ал эми башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева зордуктоо боюнча камалгандардын жазасы жеңилдетилбей турганын белгиледи.
Мунапыс берүү үч категория боюнча каралат: анча оор эмес жана оор кылмыштар үчүн соттолгондор, тагыраагы:
60 жаштан ашкан эркектер жана 55 жаштан ашкан аялдар;
I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар;
жашы жете элек экиден кем эмес же I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналган жарандар;
анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдар;
жалгыз бой эне;
көп балалуу аял;
ушул мыйзам күчүнө кирген күнгө карата өтөлбөгөн жаза мөөнөтү бир жылга чейинки аялдар жана жашы жете электер.
Жаза мөөнөтүн кыскартуу:
анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгондордун жаза өтөө мөөнөтүнүн экиден бир бөлүгү азайтылат;
оор кылмыштар үчүн соттолгондордуку үчтөн бир бөлүгү;
өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондордун төрттөн бир бөлүгү.
Үчүнчү категория бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап кетүү, аскерден качуу жана дезертирлик кылгандар үчүн каралган. Алар мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде өз ыктыяры менен келсе мунапыска илинип, жазадан бошотулат.
Мунапыс берүү долбоору Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу иштелип чыккан.
Кумтөрдү сырттан башкарып кеткен Теңиз Бөлтүрүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2023
Башкы прокуратура Теңиз Бөлтүрүк чынында канча акча кайтарганын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0